Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда мүлк алмашуу аяктады

Аймак 27 Декабрь 2025 14:04
606900402_1407717074055077_5857126723300938197_n.jpg
605745558_1407717110721740_1045884762303498641_n.jpg
Алдыга
Артка
606900402_1407717074055077_5857126723300938197_n.jpg
605745558_1407717110721740_1045884762303498641_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 27.12.25 /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда алмашылган аймактардагы кыймылсыз мүлктөрдү өткөрүп берүү иштери толугу менен жыйынтыкталды. Бул тууралуу Баткендеги өкүлчүлүк билдирет.

Анда белгиленгендей, 24-декабрда эки өлкөнүн өкүлдөрү жолугушуп, алмаштырылуучу айылдардагы кыймылсыз мүлктөрдү өткөрүп алуу жана өткөрүп берүү боюнча актыларга кол коюшту.

Анын алкагында Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагындагы Достук, Дөбө айылдары, Ак-Татыр айыл аймагындагы Таш-Тумшук айылы жана Самаркандек айыл аймагындагы айрым участоктордогу үйлөр жана жерлер Тажикстанга өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле, Тажикстандын Исфара районунун Сомониён, Сурх, Кожо-Аъло, Богистон, Кургонча айылдарынан, ошондой эле Б. Гафуров жана Ж. Расулов райондорунун айрым айылдарынан үйлөр, жер тилкелери жана социалдык объектилер Кыргызстанга өткөрүлүп алынып, тиешелүү кызматтардын карамагына берилди.

Белгилей кетсек, бул иштер чек араны тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун тапшырмасынын негизинде жүргүзүлдү.