Кыргызстан менен Тажикстан экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана чыңдоо жолуна түштү

Саясат Загрузка... 05 Март 2025 15:48
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын такталганы аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоого багытталган тарыхый окуя. Албетте, бул Борбор Азиянын стратегиялык коопсуздугуна оң таасирин тийгизет, - деп белигилейт Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун директору Токон Мамытов.

"Мындан тышкары, суу-энергетикалык ресурстарды биргелешип пайдалануу, ошондой эле транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча макулдашуулар экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана өлкөлөр ортосундагы ишенимди бекемдөөгө өбөлгө түзөт", - деди ал.

Белгилей кетсек, кызматташтыкты жандандырып, өнүктүрүү үчүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев баштаган делегация Тажистанга барышкан.

"Тажикстандын экономикасы күчтүү болбосо дагы, Кыргызстан үчүн коңшу мамлекет менен соода-экономикалык байланышты жандандырып, калыбына келтирүу өтө манилүу. Себеби, эки өлкөнүн ортосунда соода алакасын жемиштүү жүргүзөө турган бир топ тармак менен багыттар бар", - деди Мамытов.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, тар курамдагы жолугушууда тараптар соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүнүн келечегине өзгөчө көңүл бурушту. Алар 2030-жылга чейин өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүү боюнча бирдиктүү максатты белгилешти.

2020-жылы Тажикстан менен чек арадагы жаңжалга чейин эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 37 млн долларды түзгөн. Үч жылдын ичинде бул көрсөткүчтөр азайып, 2023-жылы товар жүгүртүү 12 млн долларды түзүп, ал эми 2024-жылы 13,5 пайызга өсүш болгон.

Бишкек – Душанбе аба каттамдары дагы жанданарын эки тарап билдиришти.

Мамытов белгилегендей, көп жылдар бою Тажикстан Кыргызстандан күрүч жана күйүүчү-майлоочу майларды алчу, анан калганын Кытайдан келген реэкспорт түзчү. Кыргызстан Тажикстандан негизинен эрте бышкан айыл чарба продукцияларын импорттойт.

Тажик тарап айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жаатында дагы чоң тажрыйбага ээ жана Кыргызстан бул жаатта тажрыйба алмашууга кызыкдар.

Эми Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) рыногуна тажикстандык продукцияны жеткирүү үчүн звено катары чыгууга даяр экенин тастыктады.

Кыргызстандын базарлар ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев экономикалык кызматташтыкты артка тарткан тоскоолдуктарды жоюу менен коңшу мамлекеттер бизнестин өсүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, өз ара пайдалуу чек ара өнөктөштүк үчүн шарттарды түзүп жатканын айтат.

"Акыркы 2-3 жылдан бери Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамиледе жагымдуу жылыштар байкалууда, бул биринчи кезекте чек ара маселелерин чечүүдө консенсуска умтулууга тиешелүү. Коңшулардын да, албетте, Кыргызстандын өкүлдөрүнүн да компромисс искусствосу бизди тарыхый окуяга жакындатты.

Буга катар эле өкмөттөр соода-экономикалык кызматташтыкты орнотуу үчүн уюштуруу жана ыкчам маселелерди чечип жатышат. Биринчиден, бул эки өлкөнүн чек ара аймактарынын гүлдөшүнө алып келет, экинчиден, мындан кем эмес маанилүү биргелешкен долбоорлор мамлекеттер аралык байланыштарды чыңдайт, энергетика тармагында, ошондой эле Тажикстан менен ЕАЭБдин өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында олуттуу байланыштар бар.

Мамлекеттер ортосундагы чек ара маселелери жөнгө салынып, жасалма чектөөлөр алынып салынганда бизнес сөзсүз түрдө кызматташтыкты өнүктүрүүгө жол табат", - деп белгилейт Сергей Пономарев.

Бүгүн энергетика жаатындагы коопсуздукка жана көзкарандысыздыкка жетүү үчүн Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСин кура баштады. Кыргыз делегациясынын Рогун ГЭСине барганы дагы бекеринен эмес. Камбар-Атаны курууда Рогундун көп жылдык мисалында пайдалуу тажрыйба алса болоорун белгилейт Адылбек Касымалиев.

"Рогун ГЭСин курууда топтолгон тажрыйба биз үчүн чоң мааниге ээ. Бул жерде колдонулган технологияларды жана ыкмаларды изилдөө, албетте, өлкөбүздүн жана бүткүл региондун энергетикалык коопсуздугу үчүн стратегиялык мааниге ээ Камбар-Ата-1 ГЭС долбоорун ийгиликтүү ишке ашырууга жардам берет", - дейт Адылбек Касымалиев.

Эки тарап энергетикалык кызматташтыктын келечегин карап чыгып, “CASA-1000” стратегиялык долбоорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти. Борбор Азияда суу башында жайгашкан өлкөлөр катары, эки мамлекеттин энергосистемаларын бириктирип, региондо электр энергиясын экспорттоо үчүн жаңы шарттарды түзүүгө мүмкүн экени дагы каралды.

Адылбек Касымалиев эки тараптуу мамилелерди тереңдетүү жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча биргелешкен ишти активдүү улантууга чечкиндүүлүгүн баса белгиледи.

Ошондой эле тараптар эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын төрагалыгы алдында өкмөттөр аралык кеңешти түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Эми өлкөлөр ортосунданы тыкыз байланышты түзүүгө эч нерсе жолтоо болобойт. Себеби, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда тынчтык орноду десек болот.