Кыргызстан менен Швейцария финансы-экономикалык кызматташтыгын кеңейтет

Коом 310 29 Июнь 2026 12:00
731022980_1221.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
732675701_122133369069009048_4575082585475371026_n.jpg
732494875_122133369015009048_6370295783763357922_n.jpg
732453551_122133368961009048_2482573195120096221_n.jpg
Алдыга
Артка
731022980_1221.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
732675701_122133369069009048_4575082585475371026_n.jpg
732494875_122133369015009048_6370295783763357922_n.jpg
732453551_122133368961009048_2482573195120096221_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Финансы министрлиги

Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Финансы министри Руслан Сүйналиев Швейцариянын Экономика маселелери боюнча мамлекеттик катчылыгынын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү бөлүмүнүн жетекчиси, Швейцария өкмөтүнүн соода келишимдери боюнча өкүлү Пьетро Лаццери менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы финансылык-экономикалык кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, макроэкономикалык колдоо, мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү жана техникалык жардам көрсөтүү программаларын ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Ошондой эле Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банктын шайлоо округдарынын алдыдагы жолугушуусуна даярдык көрүү, ошондой эле Кавказ, Борбор Азия жана Монголия үчүн Потенциалды өнүктүрүү боюнча регионалдык борбор аркылуу кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды.

"Руслан Сүйналиев Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды көп жылдардан бери колдоп келе жаткандыгы үчүн Швейцария өкмөтүнө ыраазычылык билдирип, ишке ашырылып жаткан программалар мамлекеттик финансыны чыңдоого, бюджеттик башкарууну өркүндөтүүгө жана экономикалык институттарды өнүктүрүүгө олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи",-деп айтылат маалыматта.