Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселеси талкууланды

Загрузка... 31 Январь 2025 18:33
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 31.01.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстанга жасаган иш сапарынын жүрүшүндө Россиянын өкмөтүнүн төрагасы  Михаил Мишустин менен жолугушту. 

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуу Алматы шаарында өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын алкагында болду.

Минкаб башчысы Адылбек Касымалиев президент Садыр Жапаровдун саламын жана жакшы тилектерин Россиянын президенти Владимир Путинге жолдоду.

Ал Кыргызстан менен Россиянын ортосунда түзүлгөн стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында энергетика, өнөр жай, айыл чарба, билим берүү жана санариптик экономика тармактарында ири долбоорлор ишке ашырылып жаткандыгын белгиледи.

"Биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелерди ар дайым жогору баалап келгенбиз жана жогору баалайбыз. Биздин кызматташтыктын экономикалык күн тартиби жык толгон жана жакынкы жана орто мөөнөттүү келечекте толук кандуулукка умтулат. Эки тараптуу байланыштардын жана өз ара байланыштардын жогорку динамикасы Кыргыз-Россия күн тартибиндеги маселелерди өз убагында чечүүгө мүмкүндүк берет", - деди Адылбек Касымалиев. 

Өз кезегинде РФ өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиевди жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, ага мындан аркы ийгиликтерди каалады. Ал ошондой эле Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинден президент Садыр Жапаровго саламдашуу сөздөрүн жолдоду.

Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы мамилелердин жогорку деңгээлин белгилеп, артыкчылыктуу багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. 

Адылбек Касымалиев жана Михаил Мишустин эки тараптуу кызматташтыктын, анын ичинде экономикалык кызматташтык, сооданы өнүктүрүү, энергетикалык коопсуздук жана транспорттук байланыштар маселелеринин кеңири спектрин талкуулашты. ЕАЭБ алкагында өз ара иштешүүнү күчөтүү маселелерине жана башка аймактык демилгелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы Гуманитардык жана маданий өз ара аракеттешүүнү кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.