Кыргызстан менен Россия унаа чогултуучу завод ачууну пландап жатат – элчи

Экономика 10 апрель 2026 16:25
pic1674029204c1a15bbc7669db761edd7ec0cbf97575.jpg
3098823.7a8d4aa924a26c98e584f720ea8c0b16.500.webp
Алдыга
Артка
pic1674029204c1a15bbc7669db761edd7ec0cbf97575.jpg
3098823.7a8d4aa924a26c98e584f720ea8c0b16.500.webp
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 10.04.26 /Кабар/. Кыргызстан менен Россия биргелешип унаа чогулта турган завод ачууну пландап жатат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов билдирди.

Анын айтымында, тараптар учурда унаа чогултуу өндүрүшүн ишке киргизүүнү сүйлөшүп жатышат.

“Өндүрүштүн ишке кириши менен жылына 25 миң жеңил автоунаа чыгаруу пландалууда. Кыргызстанда мындай өндүрүш учурда иштеп жатат. Бирок дагы биринин ачылышы ашыкча болбойт”, — деди Вакунов.