Кыргызстан менен Палестина инвестициялык байланышты чыңдайт

Коом Загрузка... 22 Апрель 2026 17:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. Бүгүн, 22-апрелде Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Палестинанын Кыргызстандагы элчиси Ваиль Ахмед Батрехи менен жолугушту. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

“Кыргызстан жагымдуу жана алдын ала божомолдоого мүмкүн болгон инвестициялык чөйрөнү түзүү боюнча ырааттуу саясат жүргүзүп келет. Биз өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарбыз жана инвесторлорго укуктук кепилдиктерди, салыктык жеңилдиктерди жана долбоорлорду ишке ашыруунун бардык этаптарында коштоону камтыган колдоо чараларынын комплексин сунуштоого даярбыз", - деп белгиледи Равшанбек Сабиров.

Сүйлөшүүлөрдө ошондой эле курулуш жана инфраструктура, агроөнөр жай комплекси жана туризм сыяктуу артыкчылыктуу багыттарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүү, инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы алаканы активдештирүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.