Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Пакистандын Лахор шаарындагы Кыргызстандын ардактуу консулу менен жолугушту. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташуунун келечектүү багыттары талкууланды. Пакистан тарап Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, артыкчылыктуу тармактары жана инвесторлор үчүн каралган мамлекеттик колдоо чаралары менен таанышты.
Равшанбек Сабиров Пакистан менен кызматташууну кеңейтүүнүн жана жаңы инвестициялык өнөктөштөрдү тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
"Кыргызстан чет өлкөлүк өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө кызыкдар. Биз инвесторлорго келечектүү багыттарды сунуштоого, тиешелүү коштоону камсыз кылууга жана эки өлкөнүн бизнес коомчулуктарынын ортосунда түз диалогду түзүүгө даярбыз", — деп белгиледи Равшанбек Сабиров.
Жолугушууда туризм, халал индустриясы, этти кайра иштетүү жана эт өндүрүү, санариптик банктык кызматтар, ошондой эле башка келечектүү багыттар боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Тараптар биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн ишкердик байланыштарды мындан ары чыңдоонун, маалымат алмашуунун жана конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда инвестициялык кызматташууну кеңейтүүгө жана жаңы долбоорлорду өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.