Кыргызстан менен Малайзиянын ортосунда кызматташтыктын маанилүү үч багыты бар - Жекшенкулов

Маек Загрузка... 25 Июнь 2025 17:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Ушул күндөрү президент Садыр Жапаров расмий сапары менен Малайзия өлкөсүндө болуп, Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип бул сапар Кыргызстандын мамлекет башчысынын акыркы 30 жылдагы Малайзияга жасаган биринчи расмий иш сапары экенин билдирген. Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кызматташуунун актуалдуу маселелери жана мындан аркы өнүктүрүү келечеги талкууланган сапардын мааниси, эки элдин мүнөзүндөгү окшоштуктар жана тажрыйба ала турган жагдайлар боюнча дипломат, саясат таануу илимдеринин доктору Аликбек Жекшенкулов “Кабар” маалымат агенттигине маек берди.

- Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы кызматташтык мамиленин тарыхы тууралуу айтып берсеңиз?

- Кыргызстан менен Малайзиянын эки жана көп тараптуу мамилеси биз эгемендүү мамлекет болгондон бери ар кандай абалда болгон. Мисалы, инвестиция маселеси боюнча эки тараптуу документ Малайзия өлкөсү тарабынан ратификацияланбай калгандыктан ишке ашпай, бүгүнкү күнгө чейин натыйжалуу болгон эмес. Дипломатиялык мамилелерди жандандыруу боюнча 1992-жылы эки тараптуу келишимге кол коюлган. Ошондон бери 33 жыл өтүп, тилекке каршы эки тараптуу мамиле алдыга чоң кадамдарды таштай алган жок. Бир нерсени айтып коюш керек, 1996-жылдагы Малайзиянын лидери, ошол кездеги премьер-министри Мохамад Махатхир Малайзиянын улуттук лидери деп эсептелет. Кийин 90 жаштан ашкандан кийин да кызматка шайланган. Бирок, ошол 1980-жылдан бери чоң реформатор катары Түштүк-Чыгыш Азияда Малайзиянын ири мамлекет болушуна чоң салым кошкон. Ал өзүнүн саясий эрки, көз карашы менен чоң бурулуштарды жасаган. 1980-жылга чейин Малайзия коомунда да ар кандай тирешүүлөр, кагылышуулар болуп, алдыга жыла алган эмес. 1980-жылы Мохамад Махатхир бийликке келип, реформаларды жүргүзгөн. Ошол кезде Түштүк-Чыгыш Азияда Сингапурдан кийин эле экинчи экономикалык жемиштүү реформа Малайзияда болгон деп эсептелген. Мохамад Махатхир 1996 – жылы Кыргызстанга келгенде кыргыз элинин тарыхына, маданиятына, табиятына, тоолорго кызыгып, ири инвестициялык салымдарды кошобуз, силерге жардам берем деп көп жакшы сөздөр болгону эсимде. Ал кезде мен биринчи министрдин орун басары болчумун. Бирок, тилекке каршы кийин ошол кездеги өкмөт мүчөлөрү өз милдеттерин аткарбай, шалаакылык кылып көп иш пландар аткарылбай, эки тараптуу мамилелер салкындан, сууп калган.
Эми акыркы 30 жылдан кийин биринчи расмий сапар менен президент Садыр Жапаров Малайзия жергесине барды. Алдыда чоң жылыштар болооруна үмүтүм бар, сапар жемиштүү болот деп ишенем.

- Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын негизги багыттарына токтоло кетсеңиз?

- Өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктыктын маанилүү үч багыты бар. Биринчиси, инвестициялык саясатыбызды жандандыруу. Бүгүнкү күндө Түштүк-Чыгыш Азияда Малайзия эң бай мамлекеттердин катарына кирет. Бардык тармактарда алардын мүмкүнчүлүктөрү кеңири. Ошол эле байланыш, коммуникация, транспорт болобу бардык экономикалык тармактар боюнча үлгү алып, үйрөнүп, өлкөгө ири инвесторлорду тартсак болот. Экинчиси, туризм багыты. Эки өлкөнүн жарандары турист катары эки өлкөгө катташынан тышкары, туризм, сервис, тейлөө тармагы Малайзияда абдан өнүккөндүктөн, алардан тажрыйба ала алабыз. Үчүнчүсү биз үчүн абдан маанилүү болгон жаштарга сапаттуу билим берүү багыты. Убагында Мохамад Махатхир малай жаштарын дүйнөнүн эң таасирдүү, абройлуу, жогорку билим бере турган университеттерге батыш мамлекеттерге, Сингапурга, Лондонго, АКШга, Европага көп жиберип, өлкөнүн билим берүү системасын абдан жогорку деңгээлге көтөргөн. Ошол себептен биз дагы билим берүү тармагында алардан көп нерсени үйрөнсөк болот. Малайзияда окуу үчүн квоталарды көбөйтүп, мамлекеттик программа даярдап жаштарды көбүрөөк окутсак Европа, АКШда окуганга барабар билим алышат. Малайзиянын билим берүү системасы күчтүүлүгү, сапаты жагынан дүйнөдө алдыңкы орундарда турат. Ошондуктан бул тараптан кызматташуу биз үчүн абдан маанилүү.

- Малай элин өздөрүнүн улуттук баалуулуктарына абдан катуу көңүл бурган эл катары кыргыз элине окшоштуруп келишет. Окшоштуктар барбы?

- Малай элинин мүнөзү кыргыз элинин мүнөзүнө окшош болоору учурунда белгиленген. Анткени, алар эмгекчил, намыскөй, өз улуту үчүн күйгөн, адилеттүүлүктү жакшы көргөн эл катары белгилүү. Үй-бүлөгө, балдарга өзгөчө көңүл буруп, камкор келишет. Кыргыз эли менен малай элинин кулк-мүнөзү, философиясы окшош болгондуктан, президентибиз барганда да жакшы маанай жаралып, элибиздин окшоштуктары белгиленет болуш керек деп ойлойм. Бул жакшы, тууганчыл маанайды түзөт. Малайзиялыктар абдан кылдат, абийирдүү, сезимтал эл келет экен. Негизи эки мамлекет башчыларынын, өкмөт мүчөлөрүнүн жана дипломаттардын ортосунда кызматташтык жакшы мамиле түзүлсө, эн ириде элибизге чоң пайда. Президенттибиздин расмий сапарынан кийин эки элдин ортосундагы мамиле чыңдалат деп үмүттөнөм. Кызматташуу жаңы деңгээлге чыкса, эки жана көп тараптуу мамилелер алдыга жылып ийгиликтер жаралат. Өлкөбүзгө инвестиция келет, тажрыйба алмашып, жаштарыбызды окутабыз. Транспорт, туризм, логистика, билим берүү сыяктуу бардык тармактардан жакшы кызматташуу болот деп ишенем.