Кыргызстан менен Кытайдын транспорт жана логистика жаатындагы кызматташтыгы талкууланды

Коом 13 Март 2025 09:22
480219461_955470836761663_426630012872191324_n.jpg
480779795_955470850094995_2347064187013639200_n.jpg
480551166_955470856761661_6372452426496502198_n.jpg
480823819_955470830094997_1751632994801930348_n.jpg
480968950_955470970094983_360938934072469014_n.jpg
480970646_955470943428319_8480756144614844544_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Күн мурун транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун (СУАР) Ак-Суу административдик округунун губернатору Адили Айли баштаган кытай делегациясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жыйындын алкагында тараптар транспорт жана логистика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, чек ара өткөрмө бекеттеринин өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, жаңы ачылган "Бедел" өткөрмө пунктунун инфраструктурасын модернизациялоо жана анын толук кандуу ишке кирүүсүн камсыздоо маселелерин талкуулашты.

Министр Сыргабаев Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы узак мөөнөттүү жана стратегиялык өнөктөштүктү белгилеп, акыркы жылдары жүк ташуулардын көлөмү туруктуу өсүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле ал Барскоон – Бедел - Үчтурпан – Аксуу автожолун куруу боюнча долбоордун ишке ашуусуна Кытай тараптын колдоосу маанилүү экенин билдирди.

Адили Айли өз кезегинде кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеп, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу керектигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, жолугушууга Тышкы иштер министрлиги менен Бажы кызматынын өкүлдөрү дагы катышты.