Кыргызстан менен Кытайдын парламенттеринин төрагалары жолукту

Жогорку Кеңеш 6457 23 Июль 2025 18:32
519472389_767980322345703_2007377623198228480_n.jpg
519619650_767980399012362_2684770628255436205_n.jpg
520169691_767980645679004_4228498018116079952_n.jpg
520233301_767980625679006_472441017311939918_n.jpg
520554839_767980559012346_1631944515746899284_n.jpg
521608723_767980372345698_5215571466117118761_n.jpg
523810689_767980669012335_8995959978398430790_n.jpg
523940073_767980499012352_1137042446199517822_n.jpg
516295554_767980432345692_2706008388135146994_n.jpg
516351319_767980449012357_8288958529855365983_n.jpg
517398028_767980532345682_8404897737651630931_n.jpg
518403108_767980339012368_3813761175670085601_n.jpg
519426579_767980465679022_8239048044696126997_n.jpg
Алдыга
Артка
519472389_767980322345703_2007377623198228480_n.jpg
519619650_767980399012362_2684770628255436205_n.jpg
520169691_767980645679004_4228498018116079952_n.jpg
520233301_767980625679006_472441017311939918_n.jpg
520554839_767980559012346_1631944515746899284_n.jpg
521608723_767980372345698_5215571466117118761_n.jpg
523810689_767980669012335_8995959978398430790_n.jpg
523940073_767980499012352_1137042446199517822_n.jpg
516295554_767980432345692_2706008388135146994_n.jpg
516351319_767980449012357_8288958529855365983_n.jpg
517398028_767980532345682_8404897737651630931_n.jpg
518403108_767980339012368_3813761175670085601_n.jpg
519426579_767980465679022_8239048044696126997_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 23.07.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстанга расмий сапар менен келген Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лецзи менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалы талкууланып, анын ичинен парламенттер аралык алакаларды өнүктүрүү тууралуу сөз болду.

Алгач төрага Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан менен Кытайдын дипломатиялык байланыштарынын түзүлгөндүгүнө 33 жыл толгону менен эки элди жүздөгөн жылдарды камтыган тарыхый алакалар жакындатып турарын баса белгиледи.

“Эзелтен коңшу жашаган эки элдин кызматташтыгын бардык багыттарда өнүктүрүүбүз зарыл. Анткени, биз алакаларды тереңдетип, түбөлүк достукту улантуу менен гана кыргыз-кытай байланышын бекемдей алабыз", – деди Жогорку Кеңештин төрагасы.

Ошондой эле ал өлкөнүн парламентинин төрагасынын Кыргызстандагы алгачкы расмий сапары экенин баса белгиледи.

“Андыктан бүгүнкү расмий сапар алкагындагы баарлашуубуз кыргыз-кытай кызматташтыгынын тарыхында өзгөчө мааниге ээ. Парламенттик дипломатия мамлекеттер аралык байланыштарды өнүктүрүүдө өзгөчө роль ойнорун эске алганда бул расмий сапар канатташ жашаган эки өлкөнүн өнөктөштүгүн өрчүтүүгө көмөкчү болот деген терең ишеничтемин”, – деди Тургунбек уулу.

Муну менен катар өткөн жылы өзүнүн Кытайга болгон расмий сапары да ийгиликтүү болгонун эске салган Нурланбек Тургунбек уулу: "Андан сырткары, быйыл өлкө башчыбыз да Кытайга мамлекеттик сапар менен барып, стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жөнүндөгү биргелешкен декларацияга, ошондой эле көптөгөн тармактарды камтыган жыйырмадан ашык макулдашууга кол коюлган. Эми Жогорку Кеңеш менен Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйыны аталган келишимдердин ийгиликтүү ишке ашуусуна көмөк көрсөтүүбүз кажет", – деди.

Ошону менен катар Кытай Кыргызстандын эң ири соода жана инвестициялык өнөктөшү экенин белгилеген Төрага мамлекет башчылары жүргүзгөн сүйлөшүүлөргө ылайык, 2030-жылга чейин эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 45 млрд АКШ долларына жеткирүү максаты коюлганын кошумчалады.

"Андыктан, аталган багытта алгылыктуу иштерди алып баруубуз кажет. Кыргызстан Кытай менен бардык тармактар боюнча кызматташып, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар", - деди Нурланбек Тургунбек уулу.

Ал эми Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушунун башталышы байланыштарды жаңы деңгээлге чыгарып, аталган долбоор стратегиялык эле мааниге ээ болбостон, эки өлкөнүн достугунун символуна айланганын айткан төрага “Бедел” өткөрмө жайынын ачылышы да байыркы Улуу Жибек жолундагы экономикалык байланыштарды тереңдетүүгө өбөлгө түзгөнүн белгилеп, бул жаңы транспорттук коридор "Эркечтам" жана “Торугарттан” кийинки Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы үчүнчү ири дарбаза болгонун кошумчалады.

Ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине да токтолгон Нурланбек Тургунбек уулу илимий-техникалык байланыштарды арттыруу жана Кытайдын жогорку окуу жайларында билим алууну каалаган кыргызстандык студенттер үчүн бөлүнгөн квотанын санын көбөйтүү сунушун көтөрдү.

Өз кезегинде Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лецзи да эки элди көптөгөн кылымдарды камтыган тыгыз алака байланыштырып турарын билдирип, кыргыз-кытай кызматташтыгы акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жатканына токтолду.

Андан тышкары, Жогорку Кеңештин төрагасынын айткан сунуш-пикирлери маанилүү экенин белгилеген Чжао Лецзи: “Биз өз ара ишенимге негизделген алакаларды арттырып, өнөктөштүгүбүздү өнүктүрүшүбүз керек. Айрыкча Кытай Эл Республикасы Кыргызстан менен бардык багытта кызматташууга, анын ичинен экономика, айыл чарба, экология, энергетика, санариптештирүү, тоо кен жана кайра иштетүү тармактарында биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар. Биздин тыгыз алакабыз эки мамлекет үчүн эле эмес жалпы чөлкөм үчүн да артыкчылыкка ээ”, - деди.

Муну менен катар кыргыз-кытай кызматташтыгында транспорттук-инфраструктуралык долбоорлорго да өзгөчө көңүл бурулуп жатканын эске салган Чжао Лецзи аталган багытта башталган иштер ийгиликтүү бүткөрүлөрүнө ишенерин билдирди. Ошондой эле Кытайда жүргүзүлүп жаткан реформалар, экономиканы өнүктүрүү жана калк турмушун жакшыртуу жаатындагы аракеттер тууралуу учкай кеп кылды.

Жолугушууда тараптар Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү керектигин белгилешип, эл аралык аянтчаларда да тыгыз иш алып баруу боюнча макулдашты.