Кыргызстан менен Кытай гранттык долбоорлорду ишке ашырууну тездетет

Министрлер кабинети 23 сентябрь 2026 13:10
6ab362add0b7e.jpeg
6ab362ebda08b.jpeg
6ab3629f6ee94.jpeg
6ab3635b4add7.jpeg
6ab36282a1103.jpeg
6ab36362a725a.jpeg
6ab363006b82f.jpeg
6ab363464c2be.jpeg
Алдыга
Артка
6ab362add0b7e.jpeg
6ab362ebda08b.jpeg
6ab3629f6ee94.jpeg
6ab3635b4add7.jpeg
6ab36282a1103.jpeg
6ab36362a725a.jpeg
6ab363006b82f.jpeg
6ab363464c2be.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков иш сапарынын алкагында Кытайдын Эл аралык өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин төрагасы Чэнь Сяодун менен жолукту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн мамлекет башчылары тарабынан буга чейин жетишилген макулдашуулардын жана түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшү сүйлөшүлдү.

Минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков президент Садыр Жапаров менен Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин жакында эле Кыргызстанда болгон жолугушуусунун алкагында, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташтык боюнча 30дан ашык документке кол коюлганын, эми аларды эки тараптын мамлекеттик органдары тарабынан ишке ашыруу иши турганын билдирди. 

"Биз мамлекет башчыларыбыз жетишкен макулдашуулардын практикалык ишке ашырылышы тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун деңгээлинде камсыз кылынышы керек деп эсептейбиз. Гранттык каражаттардын эсебинен каржыланган эки тараптуу долбоорлорду алдыга жылдыруу Кыргызстан үчүн олуттуу социалдык мааниге ээ. Кытай Өкмөтүнүн гранттары аркылуу каржыланган эки тараптуу долбоорлорду ишке ашырууда иштин зарыл болгон ыргагын сактоо жана кытайлык мамлекеттик мекемелер менен натыйжалуу координацияны камсыз кылуу маанилүү", — деди Акунбеков.

Өз кезегинде Чэнь Сяодун Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу буга чейин макулдашылган гранттык долбоорлордун ишке ашырылышына кызыкдар экенин жана жаңы багыттарда кызматташууга Кытайдын Эл аралык өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги даяр экендигин билдирди. 

Жалпысынан гранттык биргелешкен долбоорлорго кирген айыл чарбаны өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо мекемелерин, транспорттук жана бажы инфраструктурасын жакшыртуу, адистештирилген техника менен камсыз кылуу жана айлана-чөйрөнү коргоо багытындагы иштерди колдоо сыяктуу негизги тармактарды камтыган долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшүн сүйлөштү. 

Белгилей кетсек, эки тараптуу артыкчылыктуу гранттык долбоорлорду алдыга жылдыруу максатында эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдары кирген жумушчу топ түзүлгөн. 

Ушуга байланыштуу, жолугушуунун соңунда гранттык долбоорлорду ишке ашырууга тиешелүү маселелер боюнча тыгыз координацияны камсыз кылуу үчүн жумушчу топтун үзгүлтүксүз отурумдарын өткөрүү макулдашылды.