Кыргызстан менен Корея "жашыл" демилгелер боюнча тажрыйба алмашат

Экология 30 Март 2026 12:25
hd-1774849492215.jpeg
hd-1774849455487.jpeg
Алдыга
Артка
hd-1774849492215.jpeg
hd-1774849455487.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 30.03.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кореянын Улуттук ассамблеясынын делегациясын кабыл алды.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда тараптар парламенттик дипломатияны күчөтүү жана экологиялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Төрага Кыргызстан климаттын өзгөрүшүн жөнгө салууга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеп, Кореяны 2027-жылы өтүүчү "Бишкек+25" II глобалдык тоо саммитине активдүү катышууга чакырды.

Эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү үчүн Жогорку Кеңеште 22 депутаттан турган достук тобу түзүлгөнү айтылды.

Корея тарап түз аба каттамынын ачылышы туризмдин өнүгүшүнө чоң түрткү болорун жана кореялыктардын Кыргызстандын табиятына кызыгуусу жогору экенин баса белгиледи.

Корея делегациясынын башчысы Ким Сок Ги жетишилген келишимдерди ишке ашырууда тармактык комитеттердин ролу маанилүү экенин кошумчалады.