Бишкек, 12.07.26. /Кабар/. Бүгүн, 12-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын вице-спикери, Корея – Кыргызстан депутаттык достук тобунун жетекчиси Пак Док Хым баштаган делегация менен жолугушту.
Парламенттен билдиришкендей, жолугушууга Корея менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчисинин орун басары Рахат Жунушбаева да катышты.
Баарлашуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-корей кызматташтыгын өнүктүрүү жана парламенттер аралык алакаларды арттыруу маселелерин талкуулашты.
Төрага Марлен Маматалиев кийинки жылы эки мамлекет ортосундагы дипломатиялык алакалардын түзүлгөндүгүнө 35 жыл толорун белгилеп: “Бул жылдар аралыгында эки мамлекет достукка жана өз ара ишенимге негизделген алаканы калыптандырды. Айрыкча соңку жылдары кыргыз-корей кызматташтыгы жигердүү өнүгүп, бардык багыттарда активдүү уланып келет. Натыйжада Корея Кыргызстандын Азия-Тынч океан аймагындагы ишенимдүү жана артыкчылыктуу өнөктөштөрүнүн бирине айланды”, – деди.
Жолугушууда соода-экономикалык кызматташтык тууралуу да сөз болуп, бул багыттагы мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдалануунун маанилүүлүгү белгиленди.
Андан тышкары, "Борбор Азия – Корея" форматындагы саммиттер ийгиликтүү өткөрүлүп келе жатканына токтолгон төрага аталган аянтча аймактык кызматташтыкты жана эки тараптуу алакаларды жаңы деңгээлге чыгарууга чоң түрткү берип жатканын кошумчалады.
Муну менен катар Кыргызстан менен Кореянын ортосунда жетишилген келишимдерди ишке ашырууда парламенттердин ролу чоң экенин билдирген Марлен Маматалиев акыркы жылдары эки өлкөнүн мыйзам чыгаруучу органдарынын ортосундагы байланыштар активдүү өнүгүп жатканын да белгиледи.
“Айрыкча депутаттык достук топтору тыгыз иш алып барып, көптөгөн долбоорлорду ишке ашырууга жетишти. Мындай кадам парламенттер аралык алакаларды гана арттырууга өбөлгө түзбөстөн, мамлекеттерибиз ортосундагы кызматташтыкты да чыңдоого чоң салымын кошууда”, – деген төрага байланыштарды тереңдетүү жаатындагы сунуштары менен да бөлүштү.
Тагыраагы экономикалык алакаларды арттыруу максатында Кыргыз-Корей өнүктүрүү фондун түзүү жана билим берүү жаатында атайын квоталарды караштыруу демилгесин көтөрдү.
Өз кезегинде Пак Док Хым табияты кооз, эли меймандос Кыргызстанга келгенине кубанычта экенин айтып, жылуу кабыл алгандыгы үчүн Жогорку Кеңештин төрагасына ыраазычылыгын билдирди.
Ошондой эле бул иш сапары парламенттер аралык байланыштарды гана бекемдөөгө өбөлгө түзбөстөн, мамлекеттер аралык кызматташтыкка да кошумча дем берет деген ишеничте экенин айткан Пак Док Хым Корея Кыргызстан менен бардык багыттарда кызматташууга кызыкдар экендигин баса белгиледи.
“Бизде мүмкүнчүлүктөр өтө көп. Аларды толук пайдалануу менен кыргыз-корей алакасын жаңы деңгээлге чыгара алабыз. Бул биздин башкы максатыбыз”, – деди вице-спикер.
Пак Док Хымды коштоп келген делегация мүчөлөрү да байланыштарды тереңдетүү жаатындагы сунуштары менен бөлүшүп, айрыкча билим берүү, инновациялык технологиялар жана энергетика жаатында биргелешип иш алып баруу зарыл экенине токтолушту.
Ага ылайык төрага Марлен Маматалиев бул жолугушуу жөн гана баарлашуу мүмкүнчүлүгү катары кабыл алынбашы керектигин айтып, көтөрүлгөн ар бир демилге боюнча тийиштүү иштер алып барыларын белгиледи.
Жолугушуунун соңунда Марлен Маматалиев Пак Док Хым баштаган делегацияга Жогорку Кеңештин иши менен тааныштырып, парламентти санариптештирүү жаатында жасалып жаткан иштерди көрсөттү.