Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Квангдже менен инвестициялык кызматташтык маселелерин талкуулоо максатында жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Корей инвестицияларын тартууга, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө, өндүрүштөрдү локалдаштырууга жана заманбап технологияларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Кыргыз тарап кореялык компаниялардын ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышуусуна кызыкдар экендигин билдирип, Кыргызстандагы кореялык инвесторлорду коштоо механизмин күчөтүүнү сунуштады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-корей экономикалык өнөктөштүгүн мындан ары чыңдоого жана биргелешкен долбоорлорду практикалык ишке ашырууга өтүүгө кызыкдар экендигин ырасташты.