Кыргызстан менен Казакстан экология жаатындагы кызматташтыкты тереңдетет

Экология 16 Март 2026 11:00
764bb7e0-71b9-3819-a27e-97461e73e817.jpeg
b4d3e142-03d2-308e-a7d7-e79a4089a5e8.jpeg
Алдыга
Артка
764bb7e0-71b9-3819-a27e-97461e73e817.jpeg
b4d3e142-03d2-308e-a7d7-e79a4089a5e8.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Кудайберген Базарбаев Казакстандын экология жана жаратылыш ресурстары министри Эрлан Нысанбаев менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө экология жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатында эки тараптуу кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү келечеги, ошондой эле алдыдагы Аймактык экологиялык саммитке байланыштуу маселелер талкууланды.

Мындан тышкары, экология жаатында тажрыйба алмашуу жана айлана-чөйрөгө ар кандай терс таасирлердин алдын алуу жана азайтуу механизмдерин иштеп чыгуу боюнча компетенттүү органдардын ортосундагы ишти күчөтүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында практикалык кызматташтыкты андан ары тереңдетүүгө өз ара кызыкчылык тастыкталды.