Бишкек, 17.08.26. /Кабар/. Доха шаарында Кыргызстандын Катардагы элчиси Айбек Токтоболотов Катардын айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшү министри Абдулла бин Абдулазиз бин Турки Аль-Субаи менен жолугушту.
ТИМден билдиришкендей, тараптар айлана-чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүшү жана суу ресурстары жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Тажрыйба алмашууга, эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволорунун ортосунда байланыштарды түзүүгө, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечектүү багыттарын аныктоого өзгөчө көңүл бурулду.