Бишкек, 28.01.26. /Кабар/. Кыргызстандын президентинин тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Грузиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Хвтисиашвили менен жолугушту.
Жолугушууда тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгынын алкагында жана глобалдык деңгээлде тоолуу күн тартибин илгерилетүү боюнча өлкөлөрдүн кызматташуу перспективалары, ошондой эле туруктуу тоолуу өнүгүү боюнча тажрыйба алмашуу маселелери каралды.
Динара Кемелова Грузия Кыргызстан сыяктуу тоолуу өлкө экенин белгилеп, ошондой эле тоолуу аймактардын жашоочулары климаттын өзгөрүшүнө, табигый катаклизмдерге жана татаал географиялык шарттарга байланыштуу туш болгон көйгөйлөр менен чакырыктардын окшоштугуна көңүл буруп, эки жана көп тараптуу деңгээлде активдүү кызматташууга чакырды.
Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары БУУ жана эл аралык климаттык процесстердин алкагындагы биргелешкен аракеттерди, ошондой эле “Бишкек+25” Экинчи Глобалдык тоо саммитин уюштурууну талкуулашты. Грузиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Хвтисиашвили тоо күн тартиби боюнча өз ара аракеттенүүнү улантууга жана тиешелүү ведомстволор аркылуу мүмкүн болгон кызматташтыкты карап чыгууга даяр экенин билдирди.