Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңешдин төрагасы Марлен Маматалиев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Ленхардды кабыл алды.
Парламенттен билдиришкендей, алгач төрага Моника Ленхардды тажрыйбалуу элчи катары эки мамлекеттин кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарарына ишенерин билдирди.
Ошондой эле эки өлкө ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүдө парламенттер аралык диалогдун ролу чоң экенин белгилеген Марлен Маматалиев: "Германия парламентаризм жаатында узак тарыхка ээ өлкө. Андыктан, мыйзам чыгаруу чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу биз үчүн өтө маанилүү", – деди.
Муну менен катар, үч жыл мурун Бундестагдын "Германия – Борбор Азия" достук тобунун мүчөлөрү Кыргызстанга келип, парламенттер аралык байланыштарды тереңдетүү багытында олуттуу сүйлөшүүлөр жүргөнүн эске салган төрага кызматташтыкты арттырууда мындай жолугушуулардын таасири чоң экенине да токтолду. Ага ылайык, жакынкы аралыкта Германияга расмий сапар менен баруу планы тууралуу сөз кылган Марлен Маматалиев: "Мен кандай жолугушуу, кандай иш сапар болбосун эки өлкөгө тең пайдалуу болсо деген ниеттемин. Андыктан, расмий сапардын алкагында Кыргызстан менен Германиянын байланышын бекемдеген сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз деген терең ишеничтемин", – деди.
Андан тышкары, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык алакаларды да өнүктүрүү зарыл экенин айткан төрага: "Өткөн жылы Берлин шаарында Кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин бешинчи жыйыны жана бизнес-форум өттү. Анда ишкерлер ортосунда 15 меморандумга кол коюлуп, келишимдер түзүлгөн. Бул жааттагы байланышты дагы өнүктүрүп, соода-логистикалык маселелерди чечүү багытындагы аракеттерди улантышыбыз керек. Кыргызстан аймактагы транспорттук хаб катары өз ролун күчөтүүгө кызыкдар", – деген оюн билдирди.
Өз кезегинде элчи Моника Ленхард да Марлен Маматалиевди Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле төраганын расмий сапарын уюштурууга ар тараптан колдоо көрсөтөрүн айтып, Германия Кыргызстан менен бардык багыттарда, анын ичинен парламенттер аралык байланыштарды бекемдөө жаатында кызматташууга кызыкдар экендигин кошумчалады.