Бишкек, 06.06.26. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү, элчи Эдуардс Стипрайс менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда тараптар Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашып, экономика, инвестиция, транспорт жана энергетикалык долбоорлорду, анын ичинде Европа комиссиясынын "Global Gateway" демилгесин биргелешип ишке ашырууга өз ара кызыкчылыктарын ырасташты.
Ошондой эле "Борбор Азия – Европа биримдиги" форматындагы аймактык кызматташтык маселелери жана эл аралык күн тартиби боюнча пикир алмашуу болду.
Мындан тышкары, тараптар өз ара пайдалуу жыйынтыктарга жетүү үчүн туруктуу саясий диалогду улантууну макулдашты.