Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. Бүгүн, 25-августта башкы прокурордун милдетин аткаруучу Малик Бектурганов Европа биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Реми Дюфло менен жолугушту.
Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анда укуктун үстөмдүгүн жана жазык сот адилеттигин бекемдөө жаатындагы кызматташтыктын негизги багыттары, анын ичинде жазык сот өндүрүшүн санариптештирүүгө багытталган долбоорду ишке ашыруу, киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү, финансылык иликтөөлөрдү жүргүзүү жана кылмыштуу активдерди кайтаруу маселелери талкууланды.
Кыргызстандын жазык сот өндүрүшү чөйрөсүндөгү Европалык конвенцияларга кошулуу маселелерине, ошондой эле прокурорлордун квалификациясын жогорулатууга жана алардын Европа биримдигинин программаларына практикалык катышуусун кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого жана практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.