Бишкек, 06.02.26. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү - элчи Эдуардс Стипрайс менен жолукту. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Медер Абакиров Кыргыстандын Евробиримдиги менен болгон мамилелерин мындан ары чыңдоого берилгендигин белгилеп, эки тараптуу күн тартибинин кеңири чөйрөсү боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Европа биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы жигердүү жана конструктивдүү диалогду жогору баалаган атайын өкүл Эдуардс Стипрайс биримдик экономикалык, социалдык жана транспорттук өз ара аракеттенүүнү, ошондой эле туруктуу өнүгүүнү чыңдоого багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин ырастады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жогорку деңгээлдеги пландалган сапарларды жана өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган мүмкүн болуучу биргелешкен иш-чараларды талкуулашты.
Белгиленгендей, Стипрайс Бишкек шаарына Европа биримдиги – Борбор Азия жарандык коомунун 6-форумуна катышуу үчүн келди.