Кыргызстан менен Египеттин жарандары үчүн виза алууну жөнөкөйлөтүү маселеси талкууланды

Саясат Загрузка... 09 Апрель 2025 10:07
WhatsApp_Image_2025_ZhgoFxu.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 09.04.25. /Кабар/. Тышкы иштер министрлигинде Кыргызстан менен Египеттин жарандары үчүн виза процедураларын жөнөкөйлөтүү маселеси талкууланды.

Ведомстводон маалымдашкандай, маселе Консулдук департаменттин директору Сейтек Жумакадыр уулунун Египет Араб Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин консулу Карим Мазру менен жолугушуусунда талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар консулдук чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын эки өлкөнүн аймагында коргоо маселелерине бурулду. Ошондой эле, жарандардын өз ара сапарлары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында визалык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү маселеси да талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылыкты жараткан бардык маселелер боюнча тыгыз жана үзгүлтүксүз байланыштарды сактоо жөнүндө макулдашты.