Бишкек, 11.04.25. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Б.Базаралиев Масахико Нишимура баштаган Азия өнүктүрүү банкынын делегациясы менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө автомобиль жана темир жол транспорт, инфраструктура тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги жɵнүндɵ сɵз болду.
Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылган негизги долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулуп, министрликтин 2030-жылга чейинки стратегиялык планда каралган демилгелери талкууланды.
Ошондой эле тараптар "Борбор Азия регионалдык экономикалык кызматташтык - 2030" программасын талкуулап, анын алкагында мындан аркы аракеттерди координациялоо, аймактык байланыштарды чыңдоо жана кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу багытында окутуу боюнча чечимдер кабыл алынарын билдиришти.
Министрдин орун басары Азия өнүктүрүү банкына үзүрлүү өнөктөштүгү үчүн ыраазычылык билдирип, биргелешип ишке ашырылган долбоорлор улуттук инфраструктураны модернизациялоодо жана транспорттук кызматтардын сапатын жогорулатууда маанилүү роль ойноорун айтылды.
Кызматташууну тереңдетүүгө эки тарап тең кызыкдар экени белгиленип, учурда ишке ашып жаткан долбоорлордон тышкары, келечекте дагы транспорт системасын санариптештирүү, темир жол транспортун өнүктүрүү жана Кыргызстандын региондук жана эл аралык ɵнөктөштүгүн жогорулатуу алкагында биргелешкен иштер аткарылары айтылды.