Бишкек, 05.03.25. /Кабар/. Күн мурун Баку шаарында Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда адабий байланыштарды бекемдөө маселеси талкууланды. Маселе Кыргызстандын элчиси Максат Мамыткановдун Азербайжан Жазуучулар союзунун төрагасы Анар Расул оглы Рзаев менен жолугушуусунда талкууланды.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуу эки өлкөнүн министрлер кабинеттеринин ортосундагы 2024-2029-жылдарга карата кызматташуу программасында белгиленген милдеттерди ишке ашыруунун алкагында элчиликтин демилгеси менен болуп өттү.
Тараптар эки өлкө ортосундагы адабий байланыштарды бекемдөөгө багытталган кызматташтыктын келечегин талкуулашып, эки өлкөнүн классиктеринин негизги чыгармаларын кыргыз жана азербайжан тилдерине которуу үчүн тизмелерин алмашуу, кийинокурмандарга таратууга басым жасашты
Жыйынтыгында маектештер окурмандар жана изилдөөчүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, кылымдар бою бир туугандык байланыштар менен бириккен эки элдин маданий байлыгын сактоо жана жайылтуу боюнча милдеттенмелерин ырасташты.