Кыргызстанда 21-апрелден 25-апрелге чейин Азербайжандын маданият күндөрү өттү. Дээрлик бир жума бою Азербайжандын маданий делегациясы Бишкек шаарында концерттик программалар, спектаклдер, сүрөт көргөзмөлөрдү жана адабий, маданий иш-чараларды уюштурду. Мында кыргызстандык көрүүчүлөргө азербайжан элинин бай маданияты, салт-санаасы жана искусствосу менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
“Кабар” маалымат агенттиги КРнын эл жазуучусу, драматург Кайрат Иманалиевди кепке тартып, Кыргызстан менен Азербайжандын маданий байланыштарын мындан ары да тереңдетүүгө салым кошо турган маданият күндөрү тууралуу маектешти.

- Кайрат Олжобаевич, Азербайжандын Кыргызстандагы маданият күндөрү жыйынтыкталды. Мамлекеттердин ортосунда мындай маданият күндөрүнүн уюштурулушу канчалык деңгээлде маанилүү деп ойлойсуз?
- Маданият күндөрү улуттар арасындагы, мамлекеттер ортосундагы достукту жакындатууга көпүрө болуп берет. Мындайча айтканда, элчи менен ырчынын миссиясы бирдей да. Анткени алар мурдатан бери эле эл менен элди байланыштырып, мамлекет менен мамлекетти жакындаштырып келген. Эгемендүү Кыргызстандын дипломатиялык байланышы бар өлкөлөр менен маданий-гуманитардык кызматташуусунун бирден бир далили – бул маданият күндөрүнүн өткөндүгү. Ар бир өлкөнүн маданият күндөрүнүн уюштурулушу ошол мамлекеттин жетишкендигин, улутунун көркөм өнөрүнүн өзгөчөлүгүн таанытууга басым жасайт. Бул жагынан алганда, маданият күндөрүнүн башка мамлекетте өтүшүнүн мааниси чоң деп ойлойм.

- Эки элдин маданиятына көпүрө болгон искусство чеберлеринин өнөрлөрүн кыргыз күйөрмандары кандай кабыл алышты?
- Азербайжандын Кыргызстандагы маданият күндөрү өтө ийгиликтүү өттү. Ачык айтыш керек, ушунчалык жогорку деңгээлдеги даярдык менен келишиптир. Маданият күндөрүнүн ачылышы Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында болду. Гала-концерттин даярдыгына, режиссурасына жана программасына аябай чоң баа бердим. Айрыкча Азербайжандын эмгек сиңирген артисти Инара Бабаева кыргыз тилиндеги Калый Молдобасановдун ырын абдан жакшы деңгээлде аткарды. Ошондой эле башка да Азербайжандын эмгек сиңирген артисттеринин чыгарма аткаргандыгы залда отургандарды толкутту десек болот. Эртеси күнү Азербайжандын бий ансамблинин концерти болду. Азербайжандын эл артисттери, мыкты хореограф, бий өнөрүнүн чеберлери бүгүнкү күндө мыкты экендигин далилдегенин белгилеп кетким келет. Ал эми, мурда күнү биз Азербайжандын классикалык музыкадан турган концертин көрдүк. Асанкан Жумакматов атындагы оркестрдин коштоосунда Азербайжандын мыкты опера ырчылары, пионисттери Узеир Гаджибековдун 140 жылдыгына арналган концертин берди. Оркестрге кошулуп биздин солисттер да мыкты-мыкты чыгармаларды аткарып беришти.

- Улуттук китепканада Азербайжан адабиятынын бурчу ачылды. Аталган иш-чара эми эки боордош элдин ортосундагы көп жылдык достукту, тарыхый жана руханий баалуулуктарга негизделген маданий алакаларды чыңдоонун символу болуп калат деп айтсак болобу?
- Ооба. Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Азербайжан адабиятынын бурчу ачылды. Анда маданият күндөрүнүн алкагында Азербайжандын көрүнүктүү акыны, драматургу, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Бахтияр Вахабзаденин чыгармачылыгына арналган адабий кече өттү. Бахтияр Вахабзаденин чыгармаларын биздин кыргыз акындары Бактыгүл Чотурова, Алтынбек Исмаилов, Өмүрбек Тиллебаев кыргыз тилине которгон экен. Чыгармалардан турган китеп ТҮРКСОЙ уюму тарабынан чыгарылып, китепканада бет ачары өттү. Азербайжан Республикасынын Маданият министри Адиль Габиль оглу Каримли өзү жана анын орун басары катышты. Анда Азербайжандын бир топ чыгармачыл интеллигенциясы менен биздин акын-жазуучулар жолугушуп, Бахтияр Вахабзаденин мурастарын жалпы түрк дүйнөсүнө таанытуу боюнча кеңири пикир алмашуу болду. Ошондой эле биздин чыгармачыл союздар менен алардан келген чыгармачыл делегациянын өкүлдөрү, мекемелердин жетекчилери жолукту. Анда Кыргызстан менен Азербайжандын маданий кызматташтыгын бекемдөө, театрлардын бири-бирине гастролдорго баруусу, бирге спектаклдерди коюусу, сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсүн даярдоо, концерттерди уюштуруу сыяктуу демилгелер көтөрүлдү. Эки өлкөнүн маданият министрлери Мирбек Мамбеталиев менен Адиль Габиль оглу Каримли да жолугуп, кызматташууну кеңейтүү боюнча пикир алышты. Менин оюмча, бул иштердин бардыгы бүгүнкү күндө президент Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин өлкөлөр ортосундагы алаканы арттырууга багытталган жылуу мамилесинин уландысы. Маданият күндөрү эки өлкөнүн кызматташуусунун бир тарабы болгондуктан, эки өлкөнүн маданий-гуманитардык кызматташуусун, эки элдин достугун дагы да тереңдетет деп белгилегим келет.

- 2025-жылдын 1-5-апрелинде Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры Бакуда сиздин чыгармаңыздын негизинде коюлган “Коркут Ата” спектаклин тартуулап келген эле. Азербайжандыктар үчүн бул спектаклдин мааниси кандай?
- Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасы менен акыркы 40 жылдын ичинде маданият күндөрү өтө элек экен. Эгемендүү жылдарда былтыр биринчи жолу Кыргызстандын Азербайжандагы маданият күндөрү өткөн. Кыргыз улуттук академиялык драма театрына 2016-жылы коюлган “Коркут Ата” спектакли көп жылдан бери Азербайжанга чакырылып жүргөн. 2016-жылдары маданият күндөрү өтөт деп Азербайжандын Кыргызстандагы мурдагы элчиси дагы демилге кылып, спектаклди алып барсак, көрсөтсөк деген оюн айткан. Анткени Коркут ата түрк дүйнөсүнүн улуттук инсаны, орток биздин улуу кеменгер, даанышманыбыздын бири. Ал эми “Коркут Ата” эпосу түрк дүйнөсүнүн эң мыкты эпосторунун бири.

“Коркут Атаны” казак, өзбек, азербайжан, түрк, түркмөн элдеринин бардыгы билишет жана анын мурастарын ушул күнгө чейин сактап келет. Бирок ошонун ичинде азербайжан эли үчүн анын өзгөчө мааниси бар. Коркут ата 7-8-9-кылымдарда жашагандыгын тарыхчылар айтып жүрүшөт. “Коркут Ата” эпосунун сюжетин карасак, ал азербайжан элине көбүрөөк мүнөздүү да. Спектакль Түркияны, Казакстанды кыдырган.

Азербайжандын Маданият министрлигинин чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын апрель айында Баку шаарына чыгармачыл сапар менен барып келдик. Спектаклди Азербайжандын улуттук академиялык театрында көрсөттүк. Коркут таануучулар, илимпоздор, Коркут ата тууралуу роман жазгандар, кино тарткандар келишти. Көрүүчүлөр абдан жакшы кабыл алышып, жылуу пикирлерин билдиришти. Спектаклди койгон топко, чыгармачыл жамаатка атайын сыйлыктарды, дипломдорду беришти. Учурдан пайдаланып биздин Бакуга барып келишибизди каржылаган Маданият, маалымат, жаштар саясаты министрлигине жана колдоо көрсөткөн азербайжан тарапка ыраазычылык билдиребиз.
