Кыргыз медицинасы 5 жыл ичинде бутуна туруп кетишине толук ишенем – Сабырбек Жумабеков

Маек Загрузка... 02 Июль 2025 22:29
WhatsApp Image 2025-07-02 at 20.02.35.jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Июль айынын биринчи жекшембиси медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Ак халатчандардын эмгеги миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калат. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин айлык маянасы өтө төмөн.

Бирок, буга карабастан дарыгерлер, мээрман айымдар тандап алган кесибин чын дилинен жакшы көрүп, элге кызмат өтөп келүүдө.

Алар күн-түн дебей иштеп, адам өмүрү үчүн күрөшүп, кээде өз ден соолугун жана үй-бүлөсүн да экинчи планга коюуга аргасыз болушат.

Соңку жылдары өлкөдө саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү багытында бир катар кадамдар жасалып, айлык маяналар жогорулаганы менен, көйгөйлөр дагы эле арбын.

Айрыкча, аймактардагы ооруканаларда дарыгерлердин жетишсиздиги, жабдуулардын эскилиги, жаш адистердин шаардан чыкпай коюу маселеси курч бойдон калууда.

Бул күндү утурлай “Кабар” маалымат агенттиги бүгүн Травматология жана ортопедия улуттук борборунун директору, хирург-ортопед Сабырбек Жумабеков менен анын медицинага кошкон зор салымы жана кыргыз медицинасынын учурдагы абалы тууралуу маек курду.

-Кесиптик майрамыңыз менен куттуктайбыз. Алгач, медицинадагы жолуңуз, ийгиликтериңиз, сиз жетектеп жаткан травмотология борбору тууралуу кененирээк айтып берсеңиз.

-10 жашымда атамдын буту ооручу. Бир жылда эки жолу Фрунзеге келип дарыланып кетчү. Акыркы жолу Фрунзеге келип дарыланып жатканда атамды Иса Ахунбаев карап калды. Атам ошондо ушул кишини көрүп, таанышып кал деди. Иса Коноевич келип, атама сенин балаңбы деп менин башыман сылап, бактылуу бала бол деп жакшы тилектерин айтты. Атамдын бутунун ооруганы мага аябай табышмак эле. Эмне үчүн буту ооруй берет деген суроону өзүмө көп берчүмүн. Атамдын буту ооруп, түнү менен уктабай ары-бери басып чыккан күндөрү көз алдымдан такыр кетпейт. Атамдын кыйналганы эле менин дарыгер болуума чоң түрткү берди десем болот. Мен дарыгер болом, болгондо да сөөктү дарылаган дарыгер болом дегенмин. Мектепте окуп жүргөндө эле медицина тармагына даярдана баштадым. Чөп чаап жүргөндө бакаларды кармап алып, ичин жарып, органдарын текшерип изилдей берчүмүн. Койлорду союп, жиликтеп, койдун органдарын, сөөктөрүн, нерв, кан тамырларын карап чыкчумун.

-Алгачкы операция жасаган күнүңүз эсиңиздеби?

-Албетте. Биринчи операцияга мен 4-курста окуп жүргөндө асисстент катары киргем. Сабак берип жүргөн хирург агайым Жохангир Рахымбековго богок операциясында жардам бердим. Операция учурунда колум калтырап, пинцептер колуман түшүп, медайым урушуп, абдан эсте каларлык күн болгон. Менин калтырап, толкунданып жатканымды агайым көрүп, урушпастан тескерисинче жакшы колдоо көрсөттү. Колдоодон улам мен кесибимди таштабай улантып кеттим.

-Ушул убакка чейин канча операция жасадыңыз? Айына канча бейтапка операция жасайсыз?

-Мен ошол мезгилден тарта 40 миңден ашуун операция жасадым. Ал эми окуучуларым менен кошо жасаган операциянын саны 250 миңден ашуун. Мен келген учурда операциялар абдан аз жасалчу. Мурда бейтаптар 59 күн жатышса, бүгүн ыкчам жасалып жаткан операциялардын негизинде бейтаптар 10 эле күн жатышат. Тагыраагы, биз 6 эсе кыскарттык. Сөөгү сынып келген кайсы бейтап болбосун, биз аны 10 күндө айыктырып, үйүнө чыгарып жатабыз. Муну менен мамлекеттик бюджетти 10 эсе кыскарттык. Себеби, бейтаптын ар бир жаткан күнү мамлекеттин чөнтөгүнөн кетет.

Мен айына 100-150 операция, ал эми жылына 1 миң 500гө чейин операция жасайм.

-Операция учурунда ошол адамды сактап калууга мүмкүн болбой калган учур болду беле? Бул учурда дарыгер өзүн кандай сезет?

-Андай учурлар сөзсүз түрдө болот. Активдүү иш алып барган адамдын ишинде ар кандай учурлар болот. Колуман эч нерсе келбей калган учурлар да болгон. Медицинанын дагы күчү жетпей калган учурлар бар. Көз алдымда оо дүйнөгө узап кеткен бейтаптар көп эле болгон. Негизинен ортопедия жана травматология борборунда өлүм болбошу керек. Себеби, сөөк омуртка менен жабыркагандарды сактап калууга болот. Бирок, кээде абдан оор учурлар да кездешип калат.

-Жаракат алгандардын саны кыш мезгилинде көп болсо керек?

-Негизинен өлкөдө бардык эле мезгилде жаракат алгандар көп. Жаракат алгандардын саны боюнча биз үчүнчү орунда турабыз. Мисалы, азыр самокат айдагандар абдан көбөйүп кетти. Самокат айдаган жерлерге адамдар басып жүрүшөт, адамдар баскан жерге самокат айдашат. Бизде көчөдө жүрүү маданияты абдан төмөн. Мындан улам кырсыкка кабылгандардын саны азайбай, тескерисинче жылдан-жылга өсүп баратат. Курулуштар өсүп жатат. Курулуштарда техникалык коопсуздук каралбай, кырсыктагандардын саны өсүүдө. Ошондой эле спорттун бардык түрү өнүгүп, ал жакта дагы травма алгандар көп болууда. Аны менен катар жаракаттан каза болгондордун саны да өсүп барат. Ошондуктан бизге кошумча, жаракат бөлүмдөрү, борборлор жана мыкты адистер керек.

- Аты көрүнгөн улуу адамдар, илимпоздор артына шакирт калтырууга абдан далалат кылышат. Жолуңузду улай турган шакирт даярдадыңыз беле? Болсо канча шакиртиңиз бар?

- Өлкөдө эң көп шакирт даярдаган жалгыз хирург мен болушум керек. 60тан ашык илимдин кандидат-докторлорун даярдадым. Андан тышкары, 400дөн ашык кесипкөй ортопед-травматологдорду даярдадым. Бүгүнкү күндө алар өлкөнүн булуң -бурчунда иштеп жатышат. Ал эми жогоруда белгилеп өткөн кандидат-докторлорум чет өлкөлөрдө да иштеп жүрүшөт. Шакирттерди азыр да даярдап келем. Чет өлкөдөн келип окуп кеткен шакирттерим да бар. Учурда Непал, Бангладеш, Индия, Түштүк Корея өлкөлөрүнөн келген окуучуларым бар.

- Азыркы тапта сиз жетектеп жаткан Травматология жана ортопедия улуттук борборунун курулушу кандай жүрүп жатат, кайсы этапка келди? Качан колдонууга берилет?

- Борбор өлкө башчынын колдоосу жана каржылоосу менен курулуп жатат. Долбоор үч жыл мурун эле даярдалган. Мен аны өлкө башчыга тааныштырсам, дароо эле макулдугун берип, каражат бөлдү. Учурда курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Курулуштун башталганына эки ай эле болгонуна карабастан, жер төлөөсүнүн курулушу бүтүп, биринчи кабаттын курулушу башталды. Курулушту президенттин Иш башкармалыгы көзөмөлдөп жатат. 2026-жылдын аягында пайдаланууга берилет. Оорукана 500 орундуу болот. Мамлекеттик мекеме болгондуктан бейтаптар үчүн баары акысыз жана жеткиликтүү болот. Жогорку технологиялардын баары ушул мекемеде болмокчу. Жаңы аспаптар, ыкмалар, жабдуулар, анын ичинде робот- хирургдар киргизилет. Бул заманбап мекеме Борбор Азиядагы эң алдыңкы Травматология жана ортопедия улуттук борбору болоору күтүлүүдө.

Анда оор жаракат алган бейтаптарды дарылай турган илимий борбор болот. Сөөк муундарын алмаштырабыз. Андан тышкары, омуртка сыныктарын дарылоого мүмкүнчүлүгү каралган. Ошондой эле жаш балдардын ортопедия бөлүмү жана спорт менен алектенип, жаракат алгандар үчүн атайын бөлүм каралат. Анткени, өлкөдө тизе, кызыл ашык, жамбаштан жабыркаган бейтаптардын саны аябай көп.

- Дүйнөдө медицина тез өнүгүп жатат. Ал тургай роботтор операция жасай турган заманга келип калдык. Кыргыз медицинасынын учурдагы абалына кандай баа бересиз? Эмнеге жетиштик да, эмнеден аксап жатабыз?

- Биз учурда капиталдык доордо жашап жатабыз. Бирок, эл бизден баарын акысыз кылууну талап кылышат. Тилекке каршы, мамлекет толук каржылай албай жатат. Эгерде мамлекет толук каржылай турган болсо, медицина кызматкерлери жогорку деңгээлде акысыз кызмат кылышмак. 30 жылдын ичинде медицина таптакыр каралбай калган. Бул мезгилде кыргыз медицинасы абдан төмөн деңгээлге түшүп кеткен. Коңшу өлкөлөрдөн эле биз көп тармакта аркада калып калганбыз. Бир эле мисал келтирейин. Казакстанда шыйрак сөөгүн сындырып келген бейтапка мамлекет дароо кеминде 2 миң доллар бөлүп берет. Европа, Россия өлкөлөрүндө мындан да көп. Бизде 10 күнгө ашып кетсе 10 миң сом бөлүнөт. 10 миң сом менен дарылаган жакшыбы же 2 миң доллар мененби? Казак менен кыргыздын шыйрак сөөгүнүн айырмасы деле жок го деп ойлойм. Учурдагы бийликти буга күнөөлөбөйм. Бул албетте, 30 жыл ичинде калыптанып калган каржылоо системасы. Бирок, кубандырарлык жагдай бар. Быйыл өлкө башчы медицина тармагына абдан жакшы көңүл буруп жатат. Ушул тапта 30га жакын саламаттык сактоо мекемелери курулууда. Көч бара-бара түзөлөт дегендей көп жакшы иштер жасала баштады. Албетте, баары бир күндө ишке ашырылып калбайт. 5 жыл ичинде Кыргызстандын медицина тармагы бутуна туруп кетишине толук ишенем. Себеби, каржылообуз көбөйүүдө, мекемелер курулуп жатат, аз да болсо айлык маяналар көтөрүлүп жатат. Буга чейин айлык маяналар абдан аз болчу. Бир аз болсо да көтөрүлүдө. Өлкөдө дарыгерлер жетишпейт. Эмне үчүн? Албетте, айлык маянанын аздыгынан. Азыр 8 жыл окуп, билим алган дарыгер 20 миң сом айлык алат. Бүгүн бул айлык эмнеге жетет? Албетте, күнүмдүк жашоого бул каражат жетпейт. Мындан улам көп дарыгерлерибиз кесибин таштап кетип жатышат. Мамлекет тарабынан жакшы шарттар түзүлсө, биз мындан да жакшы иштеп бергенге даярбыз.

- Учурда эмне менен алектенип жатасыз?

- Азыркы учурда мен И.Ахунбаев атындагы медициналык академияда травматология жана ортопедия кафедрасынын жетекчисимин. Ал жердин клиника тармагы мага бөлүнүп берилген. Биз клиника тармагын тейлейбиз. Аны менен катар илим жагын улантып, дарыгерлердин билим сапатын өнүктүрүү иштерин илгерилетип жатабыз. Аймактардан келген ортопед-хирургдарды окутабыз. Бүгүнкү күндө кайсыл аймакка барбаңыз кесипкөй хирургдар иштеп жатканын көрө аласыз. Көбү мени башка жакка кетип калды деп ойлошот экен. Мен эч жакка кеткен жокмун. Мурдагыдай эле өз ордумда иштеп жатам.

- Алдыда сизден кандай уникалдуу иштерди көрө алабыз?

- Учурдагы менин эң негизи планым бул жогоруда белгилеп өткөндөй курулуп жаткан Травматология жана ортопедия улуттук борборун ийгиликтүү ишке ашыруу. Аталган долбоорду толугу менен ишке ашырып алсак абдан жакшы болот. Кыргызстан Борбор Азияда медицина жаатында бир топ алдыга жылмак.

Мындан тышкары, абдан масштабдуу илимий конференцияларды байма-бай өткөрүп жатам. Эртең дагы илимий конференция өткөргөнү турам. Ага 18 мамлекеттен коноктор келет.

- Кесиптештериңизге каалоо тилек айтып алсаңыз болот.

- Кесиптештеримди келе жаткан өзүбүздүн улуу кесиптик майрамыбыз менен чын дилимден куттуктайм. Ден-соолук, жасап жаткан ишибизде ийгиликтерди каалайм. Бүгүнкү күндөгү бийликтин жакшы саамалыктары кыргыз медицинасындагы ар бир адиске жетет. Кыргыз медицинасы да буюрса алдыга жылат. Болгону бир аз сабырдуулук менен чыдап коюшубуз керек. Биздин мындан да жакшы иштешибизге абдан сонун шарттар түзүлөт деген үмүттөмүн.