Кыргызстан – Кытай кызматташтыгы: Жаңы деңгээлдеги өнөктөштүк жана ири долбоорлор

Экономика Загрузка... 21 Ноябрь 2025 15:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Кыргызстан – Кытай кызматташтыгы 2024-жылы жаңы деңгээлге көтөрүлүп, эки тараптуу сооданын көлөмү өскөн. Эң ири долбоор катары Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу башталган.

Президент Садыр Жапаров 2022-жылы Кытайга алгачкы сапары менен барган. Ал эми 2025-жылдын 4-7-февраль күндөрү Кытайга мамлекеттик сапар, 31-августтан 4-сентябрга чейин иш сапар менен эки ирет барган. Садыр Жапаров Кытайдын лидери Си Цзиньпинди 2026-жылы Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырган. Быйыл 17-июнда Казакстандын Астана шаарында өткөн “Борбор Азия – Кытай" саммитинин алкагында да Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушкан. Үстүбүздөгү жылы эки мамлекеттин лидерлери эки тараптуу үч жолугушуу өткөрүүгө жетишкен.

Кытай менен товар жүгүртүүнү 30-40 млрд долларга жеткирүү пландалууда

Кытайдын бажы статистикасына ылайык, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода алакасы үстүбүздөгү жылдын тогуз айында 22 млрд долларды түзгөн. Бул тууралуу минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдын агроөнөр жай тармагында иш алып барган инвесторлор менен жолугушуу учурунда маалым болду. Эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү 30-40 млрд долларга жеткирүү пландалып жатканын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев президенттин Кытайга болгон сентябрь айындагы иш сапарынан кийин "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирген.

Президент Садыр Жапаров жыл башында Синьхуа маалымат агенттигине берген маегинде 2024-жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү 22,71 млрд долларга жеткенин айткан.

"Кытай Кыргызстан үчүн узак жылдардан бери башкы соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири болуп келген жана болуп кала берет. Саясий диалогдун эң жогорку деңгээли бизге өлкөлөрүбүздүн ортосундагы экономикалык күн тартибин ийгиликтүү илгерилетүү үчүн өтө жакшы мүмкүнчүлүк берерин белгилей кетким келет. Өлкөлөрүбүздүн биргелешкен аракеттери рекорддук ийгиликке жеткирди: 2024-жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү бажы органдарынын маалыматы боюнча 22,71 млрд АКШ долларына жеткен”, - деди Жапаров.

Президент август айындагы Кытай лидери менен болгон жолугушуусунда Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан ири инвестициялык долбоорлор менен тааныштырган. Буга байланыштуу КЭР төрагасы кытай компанияларын "Тамчы" атайын каржы-инвестициялык аймагын жана "Ала-Тоо Резорт" туристтик комплексин түзүү долбоорлорун ишке ашырууга чакырууга даяр экендигин билдирген.

Соода өнөр жай палатасынын инвестиция жана стратегиялык өнүктүрүү департаментинин башкы адиси, экономист Насирдин Шамшиев Кыргызстан үчүн Кытай негизги соода өнөктөш экенин белгиледи.

"Кыргызстан деңизге чыга албайт, темир жол түздүктө, экономикабыздын көлөмү өтө аз. Негизги биздин өнөктөштөр Кытай, Россия жана Казакстан. Башка мамлекеттер менен соода кылуу үчүн биринчиден логистикалык байланыш керек. Түндүк менен түштүктүн ортосунда темир жол байланышы жок. Биз 90 пайыздан ашык жүктү унаа менен ташыйбыз. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2023-жылдын жыйынтыгы менен биз 15,9 млрд доллар соода кылсак, анын ичинде Кытай менен 5,4 млрд доллар болду. Дээрлик 30 пайыздын тегерегиндеги соода Кытай менен болуп жатат. 2024-жылдын жыйынтыгы менен 17 млрд 600 млн доллар болсо, Кытай менен 5,6 млрд долларга соода жүгүртүү болду. Кытай бизге негизги соода өнөктөш экени көрүнүп турат”, - деди Шамшиев.

КыргызстанКытай мамилеси

Өзгөчө 2024-жыл кыргыз-кытай алакасын жандандырган жылдардан болгонун эксперттер белгилеп келишет. Анткени, эки өлкөнүн ортосунда негизги биргелешкен “Кытай – Кыргызстан –Өзбекстан” темир жол долбоору расмий түрдө декабрда башталган. Август айындагы иш сапарда “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорундагы Кыргызстандын үлүшүн каржылоо үчүн жеңилдетилген насыя берүү жөнүндө ниет катка бир катар документтер менен чогуу кол коюлган. Бул долбоор Кытайдан Кыргызстанга, ошондой эле Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, Түркияга, Европага жана андан тышкары өлкөлөргө жүктөрдү жеткирүүнү камсыздайт. Андан башка энергетика, жол куруу, унаа чогултуучу завод куруу багытында долбоорлор ишке ашууда. “Орто-Токой” кичи ГЭСинин курулушунун 60 пайыздан ашыгы аяктап калды. 2024-жылы нефтини кайра иштетүүчү "Жунда" заводу ишке кирген.

Белгилей кетсек, июль айына карата Кыргызстанда кытай капиталынын катышуусу менен соода, курулуш, тоо-кен жана өндүрүш тармактарын, айыл чарба, туризм, логистика жана кызмат көрсөтүү багытын камтыган 3 миңден ашык компаниялар катталган. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев КЭРдин Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзи менен жолугушуусунда маалымдаган.

Садыр Жапаров Кыргызстанга расмий сапар менен келген Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алуу учурунда да практикалык кызматташтыкка өзгөчө көңүл буруп, темир жана автомобиль жолдорун курууну, жаңы авиакаттамдарды ачууну, ошондой эле көптөгөн тармактарда биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууну белгиледи. Өз кезегинде Ван И эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын деңгээлин жогору баалап, жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга бардык күч-аракетин жумшоого даярдыгын билдирди. Ошондой эле ал Кыргызстанда иштеп жаткан кытайлык компаниялардын өкүлдөрүнө мыйзамдарды так сактоо жана кабыл алуучу өлкөнүн каада-салттарын урматтоо зарылдыгы жеткирилип жатканын белгиледи.

"Бир алкак-бир жол” демилгесинин алкагында Кытай биздин негизги инфратүзүмдүк долбоорлорго катышып жатат. Анткени, биздин каржылык жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрүбүз жетпейт. Мисалы, кытайлык “China Road and Bridge” курулуш компаниясы куруп жаткан “Түндүк - Түштүк” альтернативдүү унаа жолу. Кытай –Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу ишке кирсе, жылына 10 млн тоннага жакын жүк биз аркылуу өтөт. Демек, биз мамлекет катары транзиттен пайда табабыз, кошумча жумушчу орундары түзүлөт. Кытайдын долбоорлорунун, технологиясынын бизге келишине каршы болбошубуз керек. Биз алардын технологиясын өздөштүрүп, келечекте улантып кетсек кийинки муунга пайдалуу болот", - дейт эксперт.

Тышкы инвестицияларды тартпастан, экономиканы тез өнүктүрүү мүмкүн эмес. КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров “Биринчи радионун” түз эфиринде маалымдагандай, көпчүлүк инвесторлор Россия, Кытай, Түркиядан келишүүдө.

"Бүгүнкү күндө реалдуу караганда инвесторлордун көпчүлүгү Россия, Кытай, Түркия жана башка дүйнөнүн көп өлкөлөрүнөн келишүүдө. Негизинен инфраструктура, медицина, туризм тармагына басым жасалууда. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун курулушу, "Ала-Тоо Резорт", "Тамчы" инвестициялык аймагы, Асман шаары инвесторлор байкап турган чоң долбоорлор. Байыркы Улуу Жибек жолу кеткен Азия менен Европанын дал ортосунда Кыргызстандын жайгашуусун, ушул жерде соода-сатык, цивилизациянын калыптанганын инвесторлорго түшүндүрүп айтканыбызда кызыгуулары жаралууда. Дагы бир ири долбоор тууралуу айтсак, CECEP ENERGY Кытай корпорациясынын өкүлдөрүн чакыруу менен кайра жаралуучу энергия булактары боюнча шаарларды, административдик имараттарды анализдеп, аларга альтернативдүү түрдө энергия берүү боюнча иштерди алып баруудабыз”, - деди Сабиров.

Жыйынтыктап айтсак, Кыргызстан менен Кытайдын кызматташтыгы акыркы жылдары стратегиялык деңгээлге көтөрүлүп, соода жүгүртүү рекорддук көрсөткүчкө жетти. Эки өлкө ортосундагы саясий диалог күчөп, ири инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлор ишке ашууда. Бул иш-аракеттер Кытай Кыргызстан үчүн эң ири соода өнөктөш экендигин айгинелейт.

Белгилей кетсек, Кытайдан жөнөтүлгөн бардык жүктөр Кыргызстанга экспорттолот. Жүктүн ээлери аларды биздин өлкөгө экспорт катары тариздешет. Ал эми бул жүктөр Кыргызстанга келгенден кийин кайра башка өлкөлөргө транзит менен жөнөтүлөт. Ошондуктан Кыргызстан менен Кытай тараптын соода жүгүртүүсүнүн көлөмү боюнча маалыматтар айырмаланат.