Кыргызстан "Кургак учуксуз Борбор Азия" аймактык демилгесине кошулду

Ден соолук Загрузка... 08 Апрель 2025 10:00
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 08.04.25. /Кабар/. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги Казакстандын Астана шаарында "Кургак учуксуз Борбор Азия" субрегиондук демилгесинин расмий башталышына катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, аталган демилге Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа аймактык бюросу тарабынан Борбор Азиянын беш мамлекети менен биргеликте уюштурулуп, кургак учукту, анын ичинде дарыга туруктуу түрлөрүн 2030-жылга чейин жоюуга багытталган.

Иш-чаранын алкагында Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын саламаттык сактоо министрлери биргелешкен декларацияга кол коюшту.

Документ өлкөлөрдүн биргелешкен аракеттерге, тажрыйба алмашууга жана кургак учукка каршы күрөшүүдө кызматташууну чыңдоого болгон ниетин билдирет.

Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев өз сөзүндө бул демилгенин Кыргызстан үчүн медициналык гана эмес, стратегиялык мааниге да ээ экенин белгиледи:

"Кыргызстан кургак учукту жоюу боюнча ырааттуу саясат жүргүзүп келет. Акыркы жылдары биз ыкчам диагностиканы ишке киргизип, дарылоо менен камтууну кеңейтип, эпидемиологиялык көзөмөл системасын күчөттүк. Бирок дарыга туруктуу кургак учуктун жүгү сакталууда жана COVID-19 пандемиясынын кесепеттери жаңы импульсту талап кылат. Бул ДССУнун субрегиондук демилгеси биз үчүн дал ошондой жаңы импульс болот", — деди министр.

"Кургак учуксуз Борбор Азия" демилгеси БУУнун Башкы Ассамблеясында кабыл алынган глобалдык милдеттенмелерге шайкеш келет жана ар бир мамлекеттеги улуттук аракеттерди баалоо жана бекемдөө үчүн түзүмдүк негиз болуп кызмат кылат. Ал ошондой эле инновацияларды киргизүүгө жана кургак учук кызматтарынын кадрдык жана техникалык дараметин жогорулатууга шарт түзөт.

ДССУнун маалыматы боюнча, кургак учук жана анын дарыга туруктуу түрлөрү Борбор Азиядагы негизги саламаттык сактоо коркунучтарынын бири бойдон калууда. Региондо жыл сайын 35 миңден ашуун кургак учук оорусу жана 8 миңге жакын дарыга туруктуу кургак учук учурлары катталат. Региондогу беш өлкөнүн төртөө дүйнөдөгү дарыга туруктуу кургак учук боюнча эң жогорку көрсөткүчтөргө ээ 30 мамлекеттин катарына кирет.

COVID-19 пандемиясы кургак учукту аныктоо жана дарылоо процесстерине терс таасир тийгизип, аныкталбаган учурлардын көбөйүшүнө жана өлүм көрсөткүчтөрүнүн жогорулашына алып келди. Ушул сыяктуу чакырыктарды эске алуу менен, Борбор Азиянын мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан, биргелешип, чечкиндүү жана координацияланган аракеттерди көрүүгө умтулушууда.

КР Саламаттык сактоо министрлиги демилгенин максаттарына берилгендигин тастыктап, ар бир жарандын саламаттыгы үчүн кургак учукту алдын алууну күчөтүү, тоскоолдуктарды жоюу жана туруктуу диагностикалык жана дарылоо системаларын өнүктүрүү боюнча ишти улантат.