Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Сеул шаарында Douzone Bizon Co., Ltd. компаниясынын президенти Чи Ёнгу менен жолукту.
Агенттиктен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жасалма интеллектти колдонуу менен санариптик технологиялар чөйрөсүндө инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн перспективаларын, ишкердик байланыштарды кеңейтүүнү жана өз ара кызыкчылык жараткан биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.
"Кыргызстан менен кореялык компаниялардын ортосунда түз ишкердик байланыштарды чыңдоо инвестицияларды тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишенем. Биз узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкка кызыкдарбыз", - деп белгиледи Сабиров.
Жолугушуунун жыйынтыгында Равшанбек Сабиров менен Чи Ёнгу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга багытталган кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту.