Кыргызстан климаттык демилгелерди күчөтүүдө: Бишкекте илимий борбор курулуп, Тоо саммити өтөт

Экология Загрузка... 03 Апрель 2026 16:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Кыргызстандын климаттык дипломатиясы эл аралык деңгээлдеги натыйжаларга жете баштады. Климаттык ири конференциялардын жыйынтыгында 2035-жылга чейин климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү үчүн жыл сайын кеминде 1,3 трлн АКШ долларын мобилизациялоо милдеттенмеси бекитилди. Ошондой эле дүйнөлүк деңгээлдеги Глобалдык тоо саммити 2027-жылы Кыргызстанда өткөнү турат. Ага чейин биздин өлкөдө дүйнөлүк масштабдагы Тоо илимий борбору курулмай болду. Анда эл аралык окумуштуулар үчүн изилдөө иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Кыргызстанда жыл сайын 200 табигый кырсык катталса, анын 90%ы климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу. Анын кесепети айыл чарбасына, суу ресурстарына, экономикага жана коопсуздукка таасир этип жатканын ӨКМдин адистери билдирүүдө. Мекеменин маалыматына караганда, акыркы 60 жылда Кыргызстандын жылдык орточо температурасы 1,2 градуска жогорулаган, бул глобалдык көрсөткүчтөн эки эсе жогору. Климаттын ысышы өзгөчө Борбор Азия аймагындагы Памир, Тянь-Шандагы мөңгүлөргө кооптуулук жаратууда. Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын суу ресурстары, айыл чарбасы жана экосистемасы дал ушул мөңгүлөргө көз каранды.

Скриншот-03-06-2021-102313

Климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепети тоо элинин социалдык, экономикалык жашоосуна кыйынчылыктарды жаратууда. Бул жагдайды эске алуу менен Кыргызстан ондогон жылдардан бери тоо экосистемаларын сактоону, тоолуу жамааттардын жашоосун климаттын өзгөрүү шарттарына ылайыктап өнүктүрүү демилгесин илгерилетип келет.

Натыйжада Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында эл аралык деңгээлде жүрүп жаткан климаттык иш-чаралардын негизги демилгечиси болуп калды. Демилгенин максаты - тоо табиятын жана тоо элин өнүктүрүү үчүн каржы, инвестиция тартуу болуп саналат. 2024-жылы Азербайжанда СОР29 жана 2025-жылы Бразилияда СОР30 ири климаттык конференциялары өтүп, жыйынтыгында 2035-жылга чейин климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү үчүн жыл сайын кеминде 1,3 трлн доллар мобилизациялоо милдеттенмеси бекитилген. Бул каражат Кыргызстан сымал өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу үчүн жардам болот.

WhatsApp Image 2026-04-03 at 16.24.42 (1).jpeg

Мындай эл аралык диалогдун жыл сайын уюштурулуп туруусу Кыргызстан үчүн маанилүү. Анткени дүйнөлүк жыйындарда эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын, окумуштуулардын жана тоо жамааттарынын катышуусу менен тоо тургундарынын көйгөйлөрүн жана климаттын өзгөрүшүнүн фонунда тоо экосистемаларын коргоо талкууланып, чечимдер табылып, иш-чаралар сунушталып турат.

Мындан тышкары, эл аралык деңгээлде Кыргызстан учурда маанилүү эки стратегиялык демилгени көтөрүүдө. Биринчиси - Тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүү фонду. Ага ылайык финансы механизмдери иштелип чыгып, каражат тоолуу экосистемаларды колдоого жумшалышы керек. Экинчиси - Бишкекте Тоолуу райондорду турукташтыруу боюнча глобалдык борбор түзүү. Бишкекте 2026-жылдын 2-апрелинде өткөн "Уңгу жол: маданий-руханий жаңылануу" улуттук форумунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанда жети кабаттуу, заманбап глобалдык Тоо илимий борбору курула турганын жарыялады. Анда суу ресурстары, геофизика, тоо медицинасы, климатология жана экология боюнча адистешкен институттар жана изилдөө бөлүмдөрү иш алып барат. Бул борбор 2027-жылдын октябрында Бишкекте өтө турган Дүйнөлүк тоо саммитинин алкагында ишке киргизилмекчи.

Скриншот-03-06-2021-102238

Аймактарда чакан бизнести өнүктүрүү жана тиричиликте технологияларды киргизүү

Тоо күн тартиби боюнча Кыргызстандын президентинин атайын өкүлү Динара Кемелова "Кабар" агенттигине маалымат берип, 2026-жылга тоо беш жылдыгынын Жол картасын ишке ашыруу боюнча план бекитилгенин билдирди.

"2026-жылы эл аралык деңгээлде Тоо күн тартибин алдыга жылдыруу, региондук кызматташтыкты чыңдоо жана тоолуу аймактардын калкынын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча практикалык чараларды ишке ашыруу - артыкчылыктуу багыттар.

Ал эми регионалдык деңгээлде Борбор Азиянын тоолуу экосистемаларын сактоо, деградацияланган ландшафттарды калыбына келтирүү, мөңгүлөрдү изилдөө жана региондогу климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу кызматташтыкты өнүктүрүү негизги милдеттер болуп калат.

WhatsApp Image 2026-04-03 at 16.17.05.jpeg

Улуттук деңгээлде болсо, тоолуу аймактардагы калктын жашоо сапатын жогорулатууга басым жасалат. Мобилдик байланыш жана интернет кызматтарына жетүү мүмкүнчүлүгү бар калктуу пункттардын саны көбөйтүлөт. Тоолуу райондордун жашоочуларынын ичүүчү сууга, энергия менен камсыздоого жана медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү пландаштырылууда. Жашыл экономиканы колдоо, органикалык аймактарды өнүктүрүү, чакан бизнеске шарт түзүү жана үй чарбаларында энергонатыйжалуу технологияларды киргизүү, ошондой эле жолдорду модернизациялоо - маанилүү багыт.

_118246891_glacier

Мындан тышкары, биологиялык ар түрдүүлүктү жана уникалдуу жаратылыш аймактарын сактоо, геопарктарды өнүктүрүү боюнча чаралар каралган. Бул жылы иш-чаралардын өзүнчө блогу табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтууга, мөңгүлөрдүн жана бийик тоолуу көлдөрдүн мониторингине, эрте кабарлоо системаларын киргизүүгө жана тоолуу жамааттардын климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатууга багытталат", - деп билдирди Динара Кемелова.