Бишкек, 08.12.25. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев Глобалдык экологиялык фонд (ГЭФ), Адаптациялык фонд жана Жоготуулар жана зыяндар фонду боюнча өкүлдөр менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуулар БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптар конференциясынын (КС30) алкагында өттү.
Глобалдык экологиялык фондунун өкүлдөрү менен болгон жолугушууда тараптар ГЭФ-9дун жаңы долбоордук циклин ишке киргизүүнү талкуулашты. Анын ишке ашырылышы келерки жылдын июнь айында башталышы күтүлүүдө. Министр ГЭФ-9га катышуу Кыргызстан үчүн экологиялык туруктуулукту бекемдөө жана кошумча климаттык каржылоого жетүү жагынан өзгөчө маанилүү экенин баса белгиледи.
Кыргыз тарап өзүнүн улуттук демилгелерин, анын ичинде пластикалык булганууну азайтуу боюнча чараларды тааныштырып, пластик боюнча жаңы эл аралык конвенция түзүү демилгесин колдоого даяр экенин билдирди.
Адаптациялык фондунун өкүлдөрү менен болгон жолугушууда Кыргызстандын фонд менен кызматташууну кеңейтүүгө болгон кызыкчылыгы жана климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташуу боюнча долбоорлорго финансылык колдоо алуу ниети кайрадан тастыкталды. Айрыкча тоолуу экосистемалардын жана алсыз калк топторунун туруктуулугун жогорулатууга багытталган долбоорлор талкууланды. Тараптар келечектеги долбоордук сунуштардын багыттары жана улуттук мекемелер менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча пикир алмашты.
Министр Машиев Жоготуулар жана зыяндар фондунун өкүлдөрү менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, тараптар мүмкүн болуучу кызматташтык форматтары боюнча маалымат алмашышты. Кыргыз Республикасы өсүп жаткан климаттык тобокелдиктерди жана климаттык кесепеттерге жооп кайтаруу механизмдерин бекемдөө зарылдыгын эске алуу менен фонд менен активдүү иштөөгө даяр экенин билдирди.
Министр Кыргызстан үчүн эл аралык климаттык механизмдерге активдүү катышуу стратегиялык мааниге ээ экенин, ал табиятты коргоо, жашыл экономиканы өнүктүрүү жана өлкөнүн климаттык туруктуулугун жогорулатууга багытталган жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи.