Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы Көк бөрү аренасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Казакстандын командаларынын ортосунда көк бөрү боюнча финалдык оюндар башталды.
Маалым болгондой, көк бөрүчүлөрдүн беттеши 15 мүнөттөн 3 тайм менен өтөт, арена толгон эл оюнду кызуу коштоп, өзгөчө маанай жаралууда.
Күйөрмандар көптөн күткөн бул таймаштар - Көчмөндөр оюндарынын эң кызыктуу жана маанилүү окуяларынын бири.