Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. Бишкекте 65 миң адамдын башын бириктирген “Бишкек Аренанын” ачылышында казакстандык белгилүү ырчы Садраддин Болат да өнөрүн тартуулап, кыргыз элине өзүнүн ак тилегин билдирди.
"65 миң адамдын алдында өнөрүмдү тартуулаганыма абдан кубанычтамын. Кыргызстан элин чын жүрөктөн куттуктайм! Өтө керемет концерт болуп жатат. Бул масштабдуу кечеде ырдап жатканыма жана сиздердин чексиз колдооңуздарга ыраазычылык билдирем. Баарыңыздарга чоң рахмат!" — деди ырчы өз сөзүндө.