Кыргызстандын тышкы саясаты - өлкө башчынын милдети, укугу жана артыкчылыгы. Тышкы саясаттын багыттарын дагы президент аныктайт. Кыргызстандын жаңы тарыхында ар бир президент бул тармака өзүнчө мамиле жасап, көз караштары да ар кандай болгон. Негизи тышкы саясат өзү татаал нерсе, ката кетирилсе, күтүлбөгөгөн кыйнчылыктарга туш кылып коет. Кыргызстан жаңыдан эгемендүү мамлекет болгондо дүйнөлүк ири державаларга жагалданып, адашып калган учурлары болгон. Мисалы, Батыш менен АКШнын бал тилине кирип Манас аэропортун аскердик базага берип, Кумтөрдү дагы колдон алдырып жиберген. Мындан сырткары өлкө чакырган уюмдардын баарына ылгабай кире берген. Ошондуктан, тышкы саясатта ар бир жасалган кадам дыкат изилденип, өлкөнүн кызыкчылыгы биринчи орунга коюлуп, туура багыт алуу зарыл эле.
Садыр Жапаров өлкө башчы болгондо саясат таануучулар президент тышкы саясатта кандай багытта кетээрин, кайсы мамлекетке биринчи иш сапарын баштайт деп ар кандай божомолдорду келтиришкен. Бирок, Садыр Жапаров бул багытта эң туура кадамдарды таштаганына баарыбыз күбөбүз. Стратегиялык өнөктөштөрдөн баштап, коңшу Борбор Азия өлкөлөрүнө расмий сапарларды жасап, бир топ алыскы өлкөлөр менен алака түздү.
Коңшу мамлекеттер менен тең салмактуу тышкы саясаттын натыйжасында көп жылдар бою олуттуу көйгөй болуп келген чек ара маселелери чечилип, Борбор Азия аймагында тынчтык орноду.
Тынчтыкты сактоо маселелерине келсек, ЖККУ көп жылдар бою аймакта туруктуулукту жана тартипти сактоонун гаранты болуп келген. Быйыл Кыргызстан союздаштардын жамааттык коопсуздук күчтөрүнүн башкаруу органдарына төрагалык кылууда жана Бишкек активдүү иштей баштады. Уюмдун алдына коюлган максаттары сөзсүз ишке ашаарына шек жок. Бул тууралуу ЖККУнун катчылыгы “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.
«Кыргыз Республикасы быйыл ЖККУга төрагалык кылуу программасынын алкагында бардык пландаштырылган иш-чараларды активдүү ишке ашыра баштады. Биринчи кезекте өлкөнүн өкүлдөрүнүн ЖККУнун Туруктуу кеңешинде иштөөгө методикалык мамилесин жана Уюмдун уставдык органдарынын жыйындарына – Коргоо жана тышкы иштер министрлеринин, ошондой эле ЖККУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жана парламенттеринин төрагаларынын жыйындарына даярдык көрүү боюнча бардык зарыл кадамдардын ырааттуу ишке ашырылышын белгилей кетүү зарыл.
Аталган жолугушуулар үстүбүздөгү жылдын май-июнь айларында Кыргызстанда өтүшү керек. Мындан тышкары, Бишкек төрагалыктын артыкчылыктарын ишке ашыруу менен жана союздаштары менен активдүү өз ара аракеттенип, киберкоопсуздук боюнча эл аралык конференцияны даярдоодо. Бул иш-чара евразиялык мейкиндикте маанилүү окуяга айланат деп ишенебиз.
24-апрелде Москвада Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата өткөн “Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке мүчө мамлекеттердин элдеринин салымы” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияны даярдоого жана өткөрүүгө кыргыз тараптын катышуусунун жогорку деңгээлин белгилебей коюуга болбойт.
Катчылык Бишкектин өткөн жылы кабыл алынган тажик-афган чек арасынын тилкелерин бекемдөө боюнча максаттуу мамлекеттер аралык программаны ишке ашырууга карата мамилесин жогору баалайт. Биз Кыргыз Республикасы төрага жана кабыл алуучу катары ЖККУнун уставдык органдарынын жыйындарын жогорку деңгээлде өткөрөбүз жана быйылкы жылы Бишкек тарабынан белгиленген төрагалыктын бардык артыкчылыктары ишке ашаарына ишенебиз”,-деди ЖККУ Катчылыгынын басма сөз катчысы Наталья Харитонова.
Бүгүнкү дүйнөлүк кырдаалга жараша жүргүзүлүп жаткан тышкы саясаттын негизинде, Кыргызстан мамлекеттер арасында татыктуу ордун ээледи. Негизги стратегиялык өнөктөштөр, региондук жана алыскы мамлекеттер менен эки тараптуу кызматташууну чыңдоодо Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын байкалаарлык активдешүүсү өлкөнүн дүйнөдөгү эл аралык саясий кырдаалдагы олуттуу өзгөрүүлөргө логикалык жообу катары саналарын баса белгиледи Саясий изилдөөлөр институтунун директору, саясат таануу илимдеринин кандидаты Эсен Усубалиев.
“Учурда эл аралык мамилелердин бүтүндөй системасы түп-тамырынан бери кайра түзүлүүдө – бул жаңы дүйнөлүк тартипти түзүү, аймактык жана эл аралык коопсуздуктун жаңы системасын өнүктүрүү, ошондой эле Евразия континентинде ири масштабдуу соода-экономикалык, транспорттук, энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу жана башка көптөгөн маселелерди камтыйт.
Кыргызстан азыр бул өзгөрүүлөрдүн чордонунда турат жана бул татаал. Бирок өтө маанилүү эл аралык саясий жана экономикалык процесстерде биринчи кезекте өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын кепилдикке алуу үчүн жигердүү тышкы саясат жүргүзүү зарыл.
2023-жылдан бери Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Чолпон-Атада «Борбордук Азия – ЕБ» саммитинин, КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын саммитинин, ШКУга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынынын, ЕАЭБ Кеңешинин жана ЕАЭБдин кезектеги жыйынынын, КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясын жогорку деңгээлде өткөрүп, олуттуу сынактан өтүп, аймактык жана эл аралык саясаттын борборуна айланды.
Учурда Кыргызстандын жигердүү тышкы саясаты ЕАЭБ алкагындагы экономикалык интеграция маселелерине, Борбордук Азия, КМШ, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна, БУУну реформалоо боюнча активдүү позициясына гана эмес, Палестинадагы кырдаалга, ошондой эле Индия менен Пакистандын ортосундагы аскердик чыр-чатакка байланыштуу эл аралык коопсуздук маселелерине да таасирин тийгизүүдө. Ошентип, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров акыркы билдирүүсүндө тараптарды «жаңжалдын мындан ары курчушуна жол бербөөгө жана сүйлөшүү үстөлүнө кайтууга» чакырды.
Өз убагында, Кыргызстан тышкы саясаттагы эл аралык саясий мүнөздөгү негизги маселелер боюнча гана эмес, Борбордук Азиядагы региондук өнүгүү багыттары боюнча да өз позициясын билдирүү менен мактана алган эмес. Учурда Кыргызстан бардык маанилүү экономикалык жана саясий процесстерге катышып, Борбордук Азиядагы эң активдүү тышкы саясат субъекттеринин бири болуп калды. Кыргызстандын акыркы 2-3 жылдагы динамикалуу тышкы саясий стратегиясы, ошол эле учурда, мамлекеттин региондук жана эл аралык мамилелер системасында олуттуу роль ойноого умтулуусунун өсүп жаткандыгын көрсөтүп турат. Учурда бул багыт ийгиликтүү ишке ашырылып жатат”,- дейт Эсен Усубалиев.
Быйыл Кыргызстан ЖККУ жана Бирдиктүү аймак сыяктуу эл аралык уюмдарга төрагалык кылат. Ушул эле жылы, күздө аталган бирикмелердин алкагында Бишкек улуттук кызыкчылыктарды ырааттуу коргоп, союздаштары жана стратегиялык өнөктөштөрү менен коопсуздук маселелерин чечип, экономикалык кызматташуу маселелерин көтөрөт.
Ушундай салмактуу жүргүзүлгөн тышкы саясаттын артынан Кыргызстандын калкынын жашоо деңгээли акырындык менен, бирок туруктуу өсүүдө, социалдык инфраструктура өнүгүп жатат, турак-жайлар массалык түрдө, анын ичинде жеңилдетилген ипотеканын алкагында курулууда. Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан трансконтиненталдык темир жолунун курулушу башталды, Камбар-Ата-1 ГЭСинин мегадолбоору жакынкы кошунасы менен бирге ишке ашарына толук ишеним бар. Бишкек абдан прагматикалык позицияны карманат жана өз убадаларын так аткарып, бардык мамлекеттер менен достук мамиле түзгөнү аракет жасап келет.