Жапайы жаратылышты сактоо. Кыргызстан эл аралык конференцияда сунуштарды берди

Экология 03 Декабрь 2025 10:15
591755022_844730278180103_9201689845183072292_n.jpg
592915136_844730284846769_7969268701037037382_n.jpg
593513854_844730338180097_4860305067595054351_n.jpg
594068178_844730281513436_9090695739186819998_n.jpg
Алдыга
Артка
591755022_844730278180103_9201689845183072292_n.jpg
592915136_844730284846769_7969268701037037382_n.jpg
593513854_844730338180097_4860305067595054351_n.jpg
594068178_844730281513436_9090695739186819998_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 03.12.25. /Кабар/. Кыргызстан Жапайы фаунанын жана флоранын жоголуп бараткан түрлөрү менен соода кылууну жөнгө салуу жөнүндөгү конвенция (СИТЕС) 20-конференциясында сейрек түрлөрдү сактоо боюнча тажрыйбасын сунуштады.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, анда Биоресурстар башкармалыгынын жаныбарлар дүйнөсү бөлүмүнүн башчысы Эркинбек Мамаев өлкө аймагында жейрендерди кайра жайгаштыруу (реинтродукция) боюнча жүрүп жаткан иштер тууралуу билдирүү жасады.

Ал жейрен популяциясын калыбына келтирүү — Кыргызстандагы жапайы туяктуулардын санын бекемдөөгө багытталган комплекстүү чаралардын маанилүү бөлүгү экенин баса белгиледи. Бул иш-аракеттер кар илбиси үчүн негизги азыктык база болуп саналган жейрендердин санын көбөйтүүгө да өбөлгө түзөт.

Өз сөзүндө Мамаев Кыргызстандын биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо жана сейрек кездешүүчү жаныбарлар түрлөрүн сактоо багытындагы эл аралык аренадагы активдүү ишмердигин белгиледи.

Ошондой эле ал конференция комитеттеринин жыйынында сөз сүйлөп, жапайы жаныбарлар соодасын көзөмөлдөөгө байланыштуу эл аралык колдонмолордун жеткиликтүүлүгүн жана эффективдүүлүгүн жогорулатууга багытталган бир катар сунуштарды киргизди.

Конференциянын алкагында Мальта Республикасынын делегациясы менен эки тараптуу жолугушуу да өтүп, анда жүк ташууларды көзөмөлдөөнү күчөтүү жана мындан аркы эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды.