Кыргызстан дүйнөлүк тоо күн тартибин илгерилетүүдө лидерлик ордун бекемдөөдө

Экология 24 Апрель 2026 15:45
677661574_1536467868487842_8197955895972762357_n.jpg
677760518_1536467891821173_629528651051045610_n (1).jpg
679037212_1536468061821156_638981901426527225_n.jpg
678884249_1536467918487837_6034536678841807939_n.jpg
680271556_1536468025154493_2064052123317004909_n.jpg
675992181_1536467978487831_2612084864836834983_n.jpg
679148460_1536467995154496_7506917680200848647_n.jpg
678550128_1536467895154506_4553260498438956766_n.jpg
Алдыга
Артка
677661574_1536467868487842_8197955895972762357_n.jpg
677760518_1536467891821173_629528651051045610_n (1).jpg
679037212_1536468061821156_638981901426527225_n.jpg
678884249_1536467918487837_6034536678841807939_n.jpg
680271556_1536468025154493_2064052123317004909_n.jpg
675992181_1536467978487831_2612084864836834983_n.jpg
679148460_1536467995154496_7506917680200848647_n.jpg
678550128_1536467895154506_4553260498438956766_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 24.04.26. /Кабар/. Астана шаарындагы Регионалдык экологиялык саммиттин алкагында “Тоолор жана климаттын өзгөрүшү: алсыздыктан туруктуу өнүгүүгө” деген аталышта жогорку деңгээлдеги өлкөлүк сессия өттү. 

Иш-чара Борбор Азиянын тоолуу региондорундагы климаттык чакырыктарга жооп берүү боюнча макулдашылган чечимдерди иштеп чыгуу үчүн маанилүү аянтча болуп калды. 

Сессия президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлүнүн эгидасы астында, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, ошондой эле министрлер кабинетинин алдындагы Климаттык каржылоо борбору тарабынан уюштурулду. 

Иш-чарага баардык беш Борбор Азия өлкөлөрүнүн жаратылыш ресурстары жана экология министрлери, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана финансы институттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп өттү. 

Сессиянын жүрүшүндө президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Кемелова Динара Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы, Кыргызстандын БУУнун алкагында тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча демилгелери жана алдыда боло турган "Бишкек+25" Экинчи глобалдык тоо саммити тууралуу маалымат берди. 

Катышуучулар климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу негизги коркунучтарды, анын ичинде мөңгүлөрдүн тез эришин, экосистемалардын деградациясын, суу ресурстарынын азайышын жана тоолуу региондордун туруктуу өнүгүшүнө олуттуу таасир этүүчү табигый кырсыктардын көбөйүшүн талкуулашты. 

Сессиянын жүрүшүндө Климаттык каржылоо борборунун директору Айбек Асанов билимдерди топтоого, климаттык аракеттерди координациялоого жана тоолуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн инвестицияларды тартууга багытталган эл аралык платформа - Тоолуу райондордун туруктуулугунун глобалдык борборунун концепциясын сунуштады.

Борбор илимий жана эксперттик потенциалды өнүктүрүүгө, климаттык каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө ылайыкташуу, анын кесепеттерин жумшартуу, жоготууларды жана зыянды азайтуу үчүн жергиликтүү деңгээлдеги практикалык чечимдерди киргизүүгө өбөлгө түзөт деп болжолдонууда. 

Сессиянын өткөрүлүшү тоолуу региондорду туруктуу өнүктүрүү жаатындагы регионалдык жана эл аралык кызматташтыктын өсүп жаткан маанисин тастыктады жана тоо маселелери боюнча глобалдык күн тартибин илгерилетүүдө Кыргызстандын активдүү ролун баса белгиледи.