Кыргызстан билим берүү экспортун өнүктүрөт

Билим Загрузка... 10 Июль 2026 12:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 10.07.26 /Кабар/. Кыргызстанда чет элдик студенттерди кабыл алуу системасы жаңы баскычка өтүүдө. Бул тууралуу Чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу борборунун директору Чыңгыз Узакбаев брифинг учурунда билдирди.

"Буга чейин ар бир жогорку окуу жай чет өлкөлүк студенттер менен өз алдынча иш алып барып, ар кандай тобокелдиктер жаралып келген. Азыр биз бул процессти бирдиктүү система аркылуу башкарууга өтүп жатабыз. Чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу борбору студенттерди Кыргызстанга чакыруудан тартып, кабыл алуу, документтерин текшерүүдөн өткөрүү жана окуу мезгилинде коштоого чейинки бардык этаптарды көзөмөлдөйт. Биздин негизги максат — студент үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарт түзүү. Ал документ иштеринен баштап, адаптациясына чейин колдоого алынат", - деп белгиледи борбордун директору.

Андан сырткары, Узакбаев чет элдик студенттердин келиши билим берүү менен гана чектелбестен, өлкөнүн экономикасына да салым кошорун белгилеп өттү.

"Чет өлкөлүк студент — бул бүгүнкү студент гана эмес, келечектеги Кыргызстанды тааныткан өнөктөш. Ошондой эле өлкөнүн экономикасына киреше алып келген экспорттун жаңы түрү. Мисалы, Улуу Британияда бир чет элдик студент жылына орто эсеп менен 102 миң фунт стерлинг киреше алып келет. Ал эми Малайзияда билим берүү тармагы өлкөнүн ИДПсынын 7 пайызын түзөт. Түркия акыркы 10 жылда чет элдик студенттерди кабыл алууну 10 эсеге көбөйткөн. Мурда 30 миң студент болсо, азыр алардын саны 300 миңге жеткен. Бул өлкөлөрдүн тажрыйбасы Кыргызстан үчүн да үлгү боло алат. Себеби билим берүү — бул жөн гана социалдык тармак эмес, Кыргызстан азыр бул багытты өнүктүрүүнүн башында турат", - деди ал.

Белгилей кетсек, "Чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу борбору" мамлекеттик ишканасы 2026-жылдын 18-мартында түзүлгөн.