Кыргызстан 2030-жылга чейин F1H2O дүйнө чемпионатынын этаптарын өткөрүүнү пландоодо — Абылкасымов

Спорт Жүктөлүүдө... 02 Август 2026 20:00
IMG_4188.webp
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Ысык-Көл, 02.08.26. /Кабар/. Кыргызстандын суу-мотор спорту федерациясынын президенти Айбек Абылкасымов F1H2O дүйнө чемпионатынын этабын өткөрүү анын жашоосундагы алгачкы мындай ири тажрыйба болгонун билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда сууда өтүүчү “Формула-1” жарышын уюштуруу масштабдуу даярдыкты талап кылып, иштер ушул жылдын январь айынан тарта башталган.

“Биз Ысык-Көлдүн айланасындагы аймактарды изилдеп, климаттык шарттарды, аба ырайынын өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле акыркы үч жылдагы метеомаалыматтарды талдадык. Бул маалыматтардын бардыгы эл аралык комиссияга сунушталып, жыйынтыгында жарышты өткөрүүчү жай катары дал ушул Ысык-Көл тандалып алынды”, — деди Абылкасымов.

Ал чечим эл аралык F1H2O уюму менен биргеликте кабыл алынганын белгиледи.

“Эл аралык уюмдун тарыхында да жарыштар деңиз деңгээлинен болжол менен 1600 метр бийиктикте өткөн мындай учур биринчи жолу болуп жатат”, — деп баса белгиледи ал.

Федерациянын жетекчисинин маалыматына ылайык, учурда эл аралык уюмдун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, кызматташуу тууралуу меморандум бар. Тараптар 2030-жылга чейин Кыргызстанда бул мелдешти өткөрүү боюнча макулдашууга жетишкен.

“Алдыда дагы бир катар процедуралык маселелер турат. Жакынкы эки ай ичинде биздин Федерация менен H2O Racing ортосундагы негизги келишимдин шарттары талкууланат. Бул мелдештерди мындан да жогорку деңгээлде өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Келишимге кол коюлгандан кийин Кыргызстанда этаптарды өткөрүүнүн кийинки планы расмий жарыяланат”, — деди ал.

Абылкасымов ошондой эле бул иш-чара эл аралык коомчулук тарабынан чоң кызыгуу жаратканын белгиледи.

“Жарышка ири ишкерлер жана командалардын ээлери келишти. Негизги жетишкендиктердин бири — Кыргызстандын суу-мотор спорту федерациясынын октябрь айында өтө турган Эл аралык федерациянын Башкы ассамблеясына чакырылышы болду. Анда Кыргызстанда F1H2O этаптарынан тышкары башка дисциплиналарды, анын ичинде электр кыймылдаткычтары жана ылдам мотор кайыктары боюнча мелдештерди өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланат”, — деп кошумчалады ал.

Эске салсак, Кыргызстандын суу-мотор спорту федерациясы 2026-жылдын апрель айында түзүлүп, эл аралык лицензия алган. Бул өлкөгө алгачкы жолу F1H2O дүйнө чемпионатынын этабын өткөрүүгө шарт түздү.

Дүйнө чемпионатынын кийинки этабы Кытайдын Шанхай шаарында өтөт.

Белгилей кетсек, 31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө Борбор Азия тарыхында алгачкы жолу UIM F1H2O дүйнө чемпионатынын абройлуу этабы — “Кыргызстан Гран-приси – Ысык-Көл 2026” өткөрүлдү.