Өтүп бара жаткан 2025-жыл өзүн эле эмес, Кыргызстан үчүн акыркы 5 жылдык циклди да жыйынтыктап жатат. Бул убакыт аралыгында аткарылган иштердин жыйынтыгы 2025-жылы экономикадагы рекорддук суммалар, чек арадагы тынчтык жана өнөр жай кызматташтык, энергетикадагы, социалдык сферадагы мурда болуп көрбөгөндөй курулуштар, жаңырган инфраструктура, ач айкырык, куу сүрөөн “көчө демократиясын” сүрүп чыгарган туруктуу жана бекем саясат, санарип трансформация катары өзүн көрсөттү. Албетте, көйгөйлөр да бар. Алар Элдик курултайда айтылып, бийликтердин кулагына куюлду. Дал ушул Элдик жыйында өлкө башчысы Садыр Жапаров биз “Жаңы Кыргызстанды” куруу жолунда бара жатканыбызды эскертти. Бул жолдо 2025-жылдын салымы канчалык болду? Келгиле, чогуу тизмектеп көрөлү.
Чек ара боюнча тарыхый келишим. Өтүп бара жаткан жылдын эле эмес, өлкөнүн эгемен доорунун тарыхый окуясы Кыргызстан-Тажикстан чек арасынын толук чечилиши болду. Эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырым, анын 519,9 чакырымы 2011-жылга чейин такталган. Андан кийинки 10 жыл бою жүргөн жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр эч жыйынтык берген эмес. 2021-жылы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган топтун аракети менен калган 486,94 чакырым тилке такталды. 2025-жылдын 13-мартында коңшу мамлекеттердин башчылары Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон тарыхый келишимге кол коюп, документ аймактык талаш-тартыштардын баарына чекит койду. Аймакта тынчтык, туруктуулук орноп, чек аралар ачылып, кызматташууга жол ачылды. Жер жүзүндө болуп жаткан жаңжалдарды эске алганда эки өлкө дүйнөгө үлгү көрсөтө алганын жергиликтүү жана эл аралык саясат талдоочулар баса белгилеп келишет.
Социалдык мекемелердин курулушу. 2025-жыл социалдык мекемелердин массалык курулушу менен эсте калды. ЕАЭБдин алкагында курулуштун көлөмү боюнча Кыргызстан 28,6% менен биринчи орунга чыккан. Андан кийин турган Армения 28,3%, Казакстан 15,1%, Беларусь 9,5% жана Россия 4% түздү. Кыргызстан боюнча жалпы 668 обьекттин курулушу жүрүп, анын 300гө жакыны бүткөрүлдү. Арасында 129 мектеп, 60 бала бакча, 26 медициналык мекеме, 35 маданият жана спорт имараты, 41 башка обьект бар.
Калкты үй менен камсыздоо. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагындагы курулуштарды өзүнчө карабаса болбойт. Анткени “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасы рекорддук көрсөткүчтөрдү берди. 2021-жылдан бери жалпысынан 9 миң 250 үй-бүлө турак жай менен камсыздалды. Алардын жарымына чукулу 2025-жылга туура келет: жыл башынан берки 11 айда 4 миң 662 үй-бүлө батирге ээ болгон.
Кийинки жылы 20 миңдей үй-бүлөнүн тилеги аткарылганы турат. Ушул тапта 73 миң 357 батирден турган 974 үйдүн курулушу жүрүп жатат. Курулуш боюнча турак жай багыты алдыңкы орунга чыкса, экинчи кезекте өнөр жай обьектилери турат. Быйылкыга белгиленген 100дөн ашуун өнөр жай ишканаларынын басымдуу бөлүгү ишке берилди.
Энергетикадагы ири курулуштар. Кыргызстандын тарыхындагы биринчи күн электр станциясынын курулуп, ишке берилиши да 2025-жылдын тарыхында жазылып калды. Кеминдеги 230 гектар жерди ээлеген күн станциясынын кубаттуулугу 100 МВтка жетет.
Электр энергиясынын таңкыстыгы жаңы ГЭСтерди курмайынча жоюлбай тургандыгы айдан ачык. Бул жагдайды эске алганда, 2025-жылы кубаттуулугу 49 МВт болгон 9 кичи ГЭС ишке берилди. Акыркы 4 жылдан бери жалпысынан 28 кичи ГЭС иштей баштады. “Кылымдын долбоору” атыккан Камбар-Ата - 1 ГЭСи боюнча иштер өз тартибинде жүрүп жатат. Учурда Казакстан жана Өзбекстан менен үч тараптуу келишим түзүлдү. Камбар-Ата- 2 ГЭСинде экинчи турбинанын курулушу, Токтогул ГЭСинде модернизация жүрүүдө. Алдыдагы эки жылда 36 кичи ГЭСти куруу пландалууда.
Ошондой эле быйыл өлкө боюнча 367 трансформатор коюлду. Алардын бири Оштогу маанилүү “Кең-Сай” көмөк чордону. Кең-Сай жаңы конушун, Гулбаар, Кеңеш жана Жапалак айылдарын, Ош шаарынын 3000 түтүнүн, Аравандын 6 миң 877 адамга бөлүнгөн тилкесин электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздайт.
Таңкыстыгын жабуу үчүн Россия жана Казакстандан 9 айда 2,7 млрд кВт саат электр кубаттуулугу импорттолгон.
Жол куруу жана Зардалы. 2025-жыл Кыргызстандын жол куруу тарыхында да ийгиликтүү болуп, көлөмдөр рекорддук деп аталууда. Жалпысынан быйыл 1000 чакырым жол асфальтталат деп белгиленген менен, иш жүзүндө 1545 чакырым жолго асфальт бастырылган. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 2 эсе көп дегенди билдирет. Акыркы беш жылды ала турган болсок айырма асман менен жердей. 2021-жылы 175 км, 2022-жылы 488.4 км, 2023-жылы 673.8 чакырым, ал эми 2024-жылы 802 км жолго асфальт төшөлгөн.
Ири жол долбоорлору ишке ашырылды. Аймактардагы курулуш жана реконструкция иштери Барскоон-Бедел, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка, Нарын-Баетов жолдорунда жүрдү. Ошондой эле Өзгөн-Мырзаке-Кара-Кулжа жолу капиталдык ремонттон өтүп, Ош-Баткен-Раззаков жана Түп-Кеген жолдору реконструкцияланды.
Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсү жаңыртылды. Инвестициялык каржылоонун алкагында Корумду-Балбай, Барскоон-Каракол, Суусамыр-Талас-Тараз жолдору реконструкциядан өтүүдө.
Борбор калаанын тегерегин ала турган болсок, Бишкек-Кант, Бишкек-Күнтуу-Шопоков, Лебединовка-ГЭС-5 жана тыгындарды азайтуу максатында шаарды айланып өткөн алты тилкелүү магистраль салынууда.
Элге жана жетекчилерге моралдык жактан да дем берген окуя Кыргызстандын чегиндеги алыскы Зардалы айылына барчу жол болду. Ашуулар менен өткөн эски жол суукта жарым жылдап жабылып калчу. Айылдыктар аска боорундагы өтө кооптуу бир аяк жол менен өмүр бою жөө-жалаңдап өтүп келишти. 2025-жылы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 18 чакырым Сары-Талаа-Кызыл-Таш-Зардалы жолу курулду. Бул тегерекке кар көп жатпагандыктан кышында жабылып калбайт. Асканы аралап өткөн Кожошкен дарыясындагы коптуу көпүрө темирден кайра курулду.
Ал эми Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун Балыкчыдан Кочкор шаарына чейинки тилкеси салынып бүттү. Бул ири эл аралык долбоорлорго катышуу менен Кыргызстан экономиканы колдоо жана глобалдык инвесторлордун көңүлүн бурдуруу аракетин кылып жатат.
Коррупция менен күрөшүү. Паракорлук менен күрөш мамлекеттик саясаттын негизги багыты болууда. Эсиңиздерде болсо, 91-жылдары масштабдуу менчиктештирүү башталып, мыйзамсыз иштерге жогорку кызматтагылар да аралашып кеткени маалым. Мектеп, бала бакча, оорукана, маданият үйлөрү, спорт комплекстери, пансионат, завод, ири мекемелер арзан же мыйзамсыз сатылып кеткен. Алардын мамлекетке кайтарылып жатканы туурасындагы маалыматтар күнүнө бир эмес, бир нече жолу чыгып жатат. Акыркы беш жылда антикоррупциялык чаралардын жыйынтыгында мамлекетке 300 млрд сомдук мүлк жана акчалай каражаттар кайтарылган. 1000ден ашык ишкана, мекемелер, 30 миң гектардан ашуун жерлер өкмөткө өткөрүлдү.
Ошондой эле 2025-жылы “коррупция” беренеси менен соттолгондор үчүн чаралар катаалдашты. Эми паракорлор айып пул менен кутулуп кете алышпайт, мамлекеттик же муниципалдык кызматтарда иштеген жакын туугандары иштен алынат. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2024-жылы “коррупция” беренеси менен кылмыш 582 адамга козголгон. 2025-жылдын сентябрына чейинки тогуз айында 278 кылмыш иши ачылган. Ташиев 2026-жылга чейин коррупция толугу менен жок болорун жарыялап, кийинки жылы конкреттүү жыйынтыктар айтыларын белгиледи.
Өлкөнүн, экономиканын өнүгүшүнө бизнести муунтуу аркылуу чоң зыяндарды алып келген уюшкан кылмыштуу топтор өзүн “экинчи бийлик” сезип алганы маалым. Укук коргоо органдарынын чечкиндүү жана катаал иштеринин натыйжасында 2025-жылга карай алар жок кылынды.
Билим берүү тармагындагы реформалар. Быйыл түзүмдүк ири реформаларды башынан кечирген тармак – билим берүү багыты болду. 2025-жылы билим жаатындагы каржылоо рекорддук сумма – дээрлик 68,8 млрд сомго жетти. Бул ИДПнын 4,2% экенин эске салалы. Сентябрдан тарта билим берүүнүн жаңы стандарттары киргизилип, расмий түрдө 12 жылдык системага өттүк. Мугалимдердин маянасы 100% көтөрүлө турганын президент өзү жар салды. 2010-жылдары педагогдордун айлыгы 5000-7000 сом эле, учурда 25 000-40 000 сом алгандар бар. 2026-жылы бир катар категориялар менен эсептелгенде 80 миң сом болот деп айтылууда.
Келечекке салым. 2025-жылдын биринчи жарым жылына карай 3 миң 373 жетим балага “Келечекке салым” долбоорунун алкагында депозиттер ачылып, ар бирине 500 миң сомдон салынган. Каражатты 18 жашка чыкканда билим берүү, ден соолук же ипотека үчүн пайдалана алышат. Мисалы, быйыл жыл башында окууну бүткөн балдардын бири өзүнүн депозитинен 1 миң 440 доллар каражатты Малайзиядагы окуусунун биринчи жылы үчүн төлөгөн.
Жылдын дагы бир жагымдуу жаңылыгы: 2026-жылдын 1-январынан тарта төрттөн ашык бала төрөгөн энелерге бир жолку жөлөкпул берилмей болду. Төртүнчү бала үчүн 100 миң сом, бешинчи балага 600 миң, алтынчыга 800 миң, жетинчи перзент үчүн 1 млн сом, сегизинчисине 1 млн 200 миң, тогузунчуга 1,5 млн, ал эми 10 же андан ашык балага 2 млн сомдон бөлүнөт.
Соттордун айлыгы. Айлык демекчи, 2025-жылы соттордун айлыктары да жогорулады. Каражат алардын көз карандысыздыгына шарт түзүп, коррупциянын алдын алат, сот адилеттүүлүгү орнойт деген шарт менен көтөрүлдү. Райондук соттор 2023-жылга чейин 40-60 миң сом алышчу, андан кийинки жылдары 140-150 миң сомго чыгып, 2025-жылы 250-300 миң сомго жетти. Ал эми облустук соттор айына 300-400 миң сом алса, Жогорку Соттордун судьяларынын маянасы 450-500 миң сомго жетти.
Жогорку Кеңешке шайлоо жаңы система менен өттү. 2025-жылдын башкы саясий окуясы Жогорку Кеңешке шайлоо болду. Шайлоо системасы өзгөртүлүп, парламент 30 көп мандаттуу округдун ар биринен үчтөн шайланып келген депутаттардан куралды. Ар бир округдан бирден аял келсин деген эреже коомчулукта жагымдуу кабыл алынып, парламенттеги айымдардын саны кыйла көбөйдү.
Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук. 2025-жылы эң көп талкууланган темалардын башында үй-бүлөлүк зомбулук турду. Балдарга жана энелерге мыкаачылык менен кол салуу барган сайын көбөйүп жаткандыктан аларды мамлекет өз калкасына ала турганын билдирди. Орто жерден өлүм жазасын кайтаруу сунушу да түшүп, бирок андан баш тартууга туура келди. Зөөкүрдүн кылмышы эч кандай шылтоо менен акталбай турганын жогорку трибунадан Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев экөө тең айтты. Акыркы, жубайын атып салган окуяны УКМК өзү тергеп, ага жол берген милиция кызматкерлери кармалды.
Буга чейин зордуктоо жана адам өлтүрүү беренелери менен 7 жолу кылмыш иши козголуп, соттон кутулуп кеткен жарандын колунан ажал тапкан Ысык-Көлдөгү окуучу кыздын аянычтуу окуясы соттор менен укук коргоо органдарынын реформага муктаждыгын жана жоопкерчилигин катаалдаштыруу талабын кайрадан кабыргасынан койду.
Ушул жана башка чакырыктар Жогорку Кеңештин жаңы курамындагы депутаттардын ишмердигинде алдыңкы орунда туруусу керек. Коомчулук өлкөнүн өнүгүүсүнө, элдин жашоо-шартын жакшыртууга, улуттук баалуулуктарга багытталган мыйзамдар жазылат деп үмүт артууда. Анын үстүнө, 2025-жылы шайлоо жаңы система менен өтүп, жылдын башкы саясий окуясы деп сыпатталды. Парламент 30 көп мандаттуу округдун ар биринен үчтөн шайланып келген депутаттардан куралды. Ар бир аймактан бирден аял келсин деген эреже коомчулукта жагымдуу кабыл алынып, парламентте айымдардын саны кыйла көбөйдү.
2025-жылдагы саясий туруктуулук
Саясат таануучу Эмилбек Жураев өтүп бара жаткан жыл Кыргызстан үчүн саясий жактан туруктуу болгонун белгилейт. Мамлекетти башкаруу чечкиндүү, так жана күчтүү тартипте жүргүзүлүп жатканын байкаган.
“2025-жыл саясий жактан өтө туруктуу жана позитивдүү десек болот. Өзгөчө тышкы саясат жаатында эң маанилүү фактор - бул чек ара маселеси болду. Тажикстан менен чек ара талаштарына биротоло чекит коюлуп, ага чейин Өзбекстан менен чечишип, Ферганада үч тараптуу түбөлүк достук келишимге жетиштик. Ал эми ички саясатта парламенттик шайлоо өтө чоң өзгөрүүлөр менен туруктуу өттү.
Саясий вертикаль 2021-жылы кабыл алынган жаңы Конституциянын негизинде бекемделип жатат, саясий атаандаштык түшүнүгү да ошол Баш мыйзамга ылайык кабылданышы керек. Саясий конкуренцияда башка моделге өтүп жатабыз. Азыр темалар, тармактар, конкреттүү маселелер боюнча пикирлердин атаандаштыгын өнүктүрүү иши турат.
Уюшкан кылмыштуу топторду жок кылуу, коррупция менен күрөшүү, “авторитеттердин” жоголгону бийликтин эң чоң жетишкендиги. Муну “оппозициямын” дегендер да мойнуна алуусу керек. Уюшкан кылмышкерлер “саясий ажыдаарга” айланып, күчү ашып-ташып кеткен эле. Чечкиндүүлүк жана күчтүүлүк менен мамлекет аларды жок кылды.
Саясат, башкаруу өтө так, күчтүү жүргүзүлүп, күчтүүлүгүнөн улам кээде катаал чаралар да байкалууда. Мен аларды мурунку жылдардагы акыбалдардан улам алдын-алуу иштери деп бааладым. Кылмыш топтору, коррупция, деструктивдүү күчтөр менен күрөш бүткөндө саясий укуктук талаада катаалдыкка муктаждык жок болуп калат. Сөз эркиндиги боюнча УТРКга барганда президент Жапаров журналисттерди эркин болууга чакырды. Мындан сырткары, УКМК төрагасы Ташиев “ишкерлерди уюшкан кылмыштуулукка байланыштырып, сүрүштүрүп, териштирүүнү токтотуу керек” деп айтты. Демек, бийликте да ушундай түшүнүк бар.
Жалпысынан 2026-жылы башкаруунун, саясаттын түрү өзгөрбөйт, табияты ушул бойдон эле калат. Жасалган иштердин деңгээли албетте өзгөрөт. 2027-жылдын башында президенттик шайлоо болот. Менимче, 2026-жылдын жарымы шайлоону эске алуу менен өтөт”, - дейт саясат таануучу.
Ишкерлерге берилген жеңилдиктер жана чакырыктар
Өтүп бара жаткан жылы ишкерлерге бир катар жеңилдиктер берилди. Ошол эле убакта бизнес кабылган кыйынчылыктарды жоюу зарылдыгын Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков белгиледи. Ал президент менен УКМК төрагасынын ишкерлердин укугун коргоо боюнча 2026-жылга карата пландары максаттуу түрдө ишке ашат деген ойдо.
“Бул жыл окуяларга абдан бай болду. Жалпы экономика боюнча жогорку ыргактагы өсүш кубандырды. Жеткиликтүү каржылоо механизмдеринин каралуусу, салык жагынан, жөнгө салуу жагынан берилген жеңилдиктер, кошуна өлкөлөр менен эки тараптуу, көп тараптуу соода экономикалык мамилелердин чындалуусу биздин ишкерлерге жакшы түрткү берди. Мисалы, Тажикстан менен чек ара ачылган, соода жүрүп жатат. ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүү жогорулап, акыркы беш жылда дээрлик 2 эсеге өстү. Германия, Жапония, Жакынкы Чыгыш, Араб өлкөлөрү, АКШ сымал өлкөлөр менен соода-экономикалык өнөктөштүк өсүүдө. Буга мисал, Bloomberg, Gulf News жана башка дүйнөгө таанымал басылмаларда Кыргызстан оң нукта сыпатталды.
Ошол эле учурда ишкерлер үчүн чакырыктар да жок эмес. Айрымдарын айта кетсем, күтүлбөгөн жерден чыккан жаңы талаптар, жаңы мыйзамдар, маркировка, жаңы салык ченемдер кыйынчылыктарды жаратты. Автомектептер, медициналык билим берүү, интернет-трафик сыяктуу экономикалык тармактарга мамлекеттик монополия киргизилип, бул багытта бизнесмендер кыйынчылыкка кабылды.
Жалпысынан мамлекеттин экономикадагы ролу күчөдү. Мамлекеттик ишканалар, мамлекеттик чыгашалар көбөйүп, бул жагдай жеке сектор үчүн чакырык болуп калды. Дүйнө жүзү боюнча жеке сектор экономиканын кыймылдаткычы болуп эсептелинет.
Жакында өткөн Элдик курултайда президент ишкерлер менен жыйын чогултуп, алардын укуктарын коргоо маселесин карайбыз деп айтты. УКМК төрагасы дагы бизнести укук коргоо органдары тарабынан текшерүүнү токтотуу сунушун берди. Ушул саясат жакшы жакка бурулат деп үмүттөнүп жатабыз”, - дейт Аскар Сыдыков.
Эл жана өкмөт жаңы парламенттен сапаттуу, иштей турган мыйзамдарды күтөт
Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Аалы Карашев 2025-жылдын орунттуу саясий окуясы парламенттик шайлоо экенин, бул жолу округдар өз депутаттарына талапты катуу коерун эскертти. Ал эми аткаруу бийлиги өзүн-өзү камчылап, максаттуу иш алып баруу менен экономикада сезилерлик өсүштү камсыздады дейт.
“2025-жылы мамлекеттик башкаруу органдары, өзгөчө аткаруу бийлиги максаттуу жумуш алып барды. Анын негизги көрсөткүчү - ИДПнын өсүү темпинин 10,2%га чыкканы. Бул мурда болуп көрбөгөндөй жетишкендик. Бюджеттин киреше бөлүгү, консолидацияланган бюджет бир нече эсе көбөйдү. Бул жалпы өз алдынча башкаруу органдарынын бирдиктүү иштегени дегенди билдирет. Жергиликтүү бюджетти карап чыксак, акыркы 3-4 жылда 3 жарым эсеге өсүп жатат. 2020-жылы 20 млрд сом, 2024-жылы 70 млрд сом болчу. Быйыл 3-4 эсе өстү.
Президенттин саясий эрки менен административдик-аймактык, кадрдык реформа жүрүп, айыл аймактар ирилештирилип, иш уланууда. Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү аракети 2000-жылдан бери 3-4 жолу болгон. Ар кыл себептер, шылтоолор жана жоопкерчиликтен алуудан чочулоолор ишти токтотуп койгон.
Аймактар жаңы система менен депутаттарын шайлап алышты. Буюрса элдин тандоосу менен келишти. Алардын башкы милдети, шкафта чаң басып жатпаган, элге иштей турган, элдин жашоосун көтөрүп, шарт түзө турган мыйзамдарды жазуу. Алардан эми шайлоочулары да талап кылышат. Президент айткандай, мектеп, бакча, жолдорду өкмөт курат, депутаттар сапаттуу, иштей турган мыйзамдарды жазып бериши керек.
Жылды киреше менен жыйынтыктап жатабыз. Келерки жылы бюджеттен айлык алгандардын маянасы көтөрүлөт. Буга улай элдин жашоо деңгээли да жакшырат деп турабыз. Негизгиси, туруктуу өнүгүү жолуна түштүк. Бийликтер ушул туруктуулукту мындан ары да алып кетишет деген ойдомун”, - деди коомдук ишмер Аалы Карашев.
Жыйынтыктап айтканда, 2025-жыл жетишкендиктер, өзгөчө рекорддук суммадагы акчалар менен жыйынтыкталып жатат. Өлкөнүн ИДПсы 1,8 трлн сом болуп, консолидацияланган бюджет 1 трлн сомдон ашты. Республикалык бюджет 34,3 млрд сом профицит менен чыкты. Бул каражаттар өлкө боюнча жүрүп жаткан ГЭС, жол сымал чоң курулуштарга, экономика эле эмес билим берүү, саламаттыкты сактоо сымал башка тармактардагы ири өнүктүрүү долбоорлоруна да керектелүүдө. Белгилей кетүүчү жагдай, каржылоо мурдагыдай кем-карчты жабуу үчүн эле эмес, тармактарды өнүктүрүү үчүн да жумшала баштады. Ийгиликтүү экономика артынан башка тармактарды сүйрөп кете аларын 2025-жылдын таржрыйбасында көрдүк. Демек, өтүп бара жаткан жылдагы жетишкендиктери менен чакырыктарын эске алуу менен кийинки жылы да экономиканын кирешесин камсыздаган багыттарга көңүл буруу, шарт түзүү иштери улана берет.