Бишкек, 24.03.26. /Кабар/. Биринчи май райондук соту "Кыргызнефтегаздагы" коррупциялык иштер боюнча кармалгандарга карата чечим кабыл алды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине аталган соттон билдиришти.
Маалыматка ылайык, отурумдун жүрүшүндө жогорудагы коррупциялык иш боюнча ИИМдин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыгынын улук тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылды.
Натыйжада буга чейин кармалган 1983-жылы туулган Н.Н. ("Кыргызнефтегаз" ААК башкармалыгынын мурдагы төрагасы), 1980-жылы туулган А.Р. ("Кыргызнефтегаз" ААК башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары), 1988-жылы туулган А.Н. жана 1990-жылы туулган М.Б. (тиешеси бар компаниянын мурдагы директорлору) 16-майга чейин камакка алынды.
Белгилей кетсек, буга чейин Мамлекеттик салык кызматынын күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу схемаларын уюштурууга байланыштуу иликтөө материалдарынын негизинде "Кыргызнефтегаз" ААКтагы коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.