Мунай чыры: “Кыргызнефтегаздын” мурдагы төрагасы жана орун басары кармалды

Укук тартиби Загрузка... 18 Март 2026 17:37
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ИИМ

Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. “Кыргызнефтегаздын” мурдагы төрагасы жана орун басары кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирет.

Тергөө иштеринин алкагында мыйзамсыз ишмердүүлүккө тиешеси бар төмөнкү адамдар аныкталып, кармалды:

Тактап айтканда, 1983-жылы туулган Н.Н. ("Кыргызнефтегаз" ААК башкармалыгынын мурдагы төрагасы), 1980-жылы туулган А.Р. ("Кыргызнефтегаз" ААК башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары), 1988-жылы туулган А.Н. (тиешеси бар компаниялардын биринин директору), 1990-жылы туулган М.Б. (тиешеси бар компаниянын мурдагы директору) кармалды.

Аталган адамдар Бишкек шаардык милициясынан убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тергөө аракеттери улантылууда.

Белгилей кетсек, буга чейин Мамлекеттик салык кызматынын күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу схемаларын уюштурууга байланыштуу иликтөө материалдарынын негизинде "Кыргызнефтегаз" ААКтагы коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгону кабарланган.