Бишкек, 26.08.25. /Кабар/. Жумаев Максат Медербекович Т. Океев атындагы Улуттук "Кыргызфильм" киностудиясынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Жумаев Максат Медербекович — 1985-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында туулган. Билими жогорку, Нарын мамлекеттик университетин “Автоматташтырылган маалыматтарды иштеп чыгуу жана башкаруу системалары” адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
- 2016-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин "Asman cinema production" киностудиясында режиссёр, продюсер, сценарист;
- 2010–2016-жж. "KG Club production" студиясында режиссёр, оператор-коюучу, сценарист;
- 2008–2010-жж. "Открытая Азия" программасында (Internews Network) оператор, монтажёр;
- 2007–2008-жж. ТРК НТСте жаңылыктар бөлүмүндө оператор, монтажёр;
- 2005–2007-жж. ТРК "Шанкай", (Нарын шаарында) техникалык директор;
- 2002–2005-жж. ТРК "Шанкай", (Нарын шаарында) оператор, монтажёр.
Фильмографиясы:
- "Туман" (2012) — режиссёр, сценарист;
- "Гонщик таксист" (2013) — режиссёр;
- "Временный парень" (2014) — режиссёр;
- "Эне жүрөгү" (2016) — режиссёр;
- "Бажарики" (2017) — продюсер;
- "Бажарики 2" (2018) — продюсер;
- "Баары бир тууган" сериал (2019) — режиссёр, сценарист;
- "Доске" (2021) — режиссёр, сценарист;
- "Разбой" (2023) — режиссёр, сценарист;
- "Жаным" (2023) — режиссёр, сценарист;
- "Разбой — новая глава" (2023) — режиссёр, сценарист;
- "Террорист" (2024) — режиссёр, сценарист;
- "Участковый инспектор Марат" (2024) — режиссёр, сценарист.
Сыйлыктары:
- "Лица Евразии" конкурсу, Санкт-Петербург — оператордук иш үчүн сыйлыгы;
‐ Internews Network — "Умтулуу" сыйлыгы", "Кыргыз киносунун мыктысы" төш белгиси;
‐ “Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси;
‐ ИИМдин "За содействие" медалы;
‐ Бишкек шаарынын мэринин "Ардак грамотасы";
‐ Бишкек шаарынын ИИББнын "Ардак грамотасы".