Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Бүгүн, 20-майдан тартып Баткен облусундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан үч өткөрүү пункту күнү-түнү (24 саат) иштей баштайт. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, төмөнкү өткөрүү пункттары үзгүлтүксүз иштөө режимине өттү:
- "Кадамжай – автожол";
- "Чечме – автожол";
- "Ак-Кыя – автожол".
"Өткөрүү пункттарынын иш тартибин өзгөртүү жайкы туристтик сезон учурунда чек арадан өтүп жаткан жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатын көздөйт. Мындай режим үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына чейин күчүндө болот", — деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, аталган өткөрүү пункттарынан бир гана Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары өтө алышат.