Кыргыз-тажик чек арасынын дээрлик 116 чакырымына зым тартылды

Аймак 12 Ноябрь 2025 14:27
580066378_1375335927293192_960507856423242886_n.jpg
580497931_1375336007293184_402366347648242460_n.jpg
580507036_1375335917293193_148467110957995676_n.jpg
581027980_1375335960626522_3294015010181985306_n.jpg
581111910_1375336000626518_7123676967718339218_n.jpg
581933839_1375335957293189_562460307281411686_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 12.11.25. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасынын дээрлик 116 чакырымына зым тартылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Облус башчысы Айбек Шаменов Лейлек районунун аймагындагы кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо иштеринин жүрүшүнөн кабар алды. Учурда чек араны тосуу жумуштары райондун Максат айылынын аймагында жүрүүдө.

2025-жылдын 12-ноябрына карата жалпы Баткен облусу боюнча 115 чакырым 958 метр аралыкка зым тартылды. Анын ичинен Баткен районунда 84 чакырым 806 метр, Лейлек районунда 31 чакырым 152,5 метр аралык тосулду.

Мындан сырткары, чек ара тосмосун бойлой 176 чакырым жол салынды.

Чек араны демаркациялоо иштерин илгерилетүү максатында, жергиликтүү бийлик органдары тарабынан чек ара сызыгы өткөн аймактарды турак үй, короо жай, бак дарактардан тазалоо жумуштары үзгүлтүксүз аткарылып келет. Лейлек району боюнча 108 объект бузулган.

Анын ичинде турак үй, мал сарай, ашкана, мончо сыяктуу кыймылсыз мүлктөр жана коммерциялык багыттагы объекттер бар. Бул багытта көз карандысыз эксперттер объекттерге баалоо жүргүзүүдө. Жарандар бул иш аракеттерге түшүнүү менен мамиле жасоодо.