Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча акыркы протоколго кол коюлду

Саясат 21 февраль 2025 19:42
WhatsApp Image 2025-02-21 at 16.38.27 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-21 at 16.38.27.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-02-21 at 16.38.27 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-21 at 16.38.27.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 21.02.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча акыркы протоколго кол коюлду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, бул документ чек арадагы жолдорду пайдаланууну жана жаңы жолдорду салууну камтыйт.

“Биз буга чейин тажик кесиптештер менен биргеликте бир катар документтерди даярдаганбыз. Биринчи макулдашуу – бул Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндө, экинчиси, энергетикалык жана суу ресурстарынын объекттери жөнүндө макулдашуу. Бүгүнкү кол коюлган документ чек арадагы жолдорду пайдаланууну жана жаңы жолдорду салууну камтыйт.

Муну менен биз, Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия бүгүн расмий түрдө Тажикстан менен болгон мамлекеттик чек араны толугу менен макулдаштык деп билдирем. Мен бул иштерди жүргүзгөндүгү үчүн эки өлкөнүн тең комиссия мүчөлөрүнө ыраазычылыгымды айтам”, - деди Камчыбек Ташиев.

Белгилей кетсек, документке Бишкек шаарында эки өлкөнүн УКМК жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов кол койду.