Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Быйыл кыргыз профессионал театр искусствосунун 100 жылдыгы республикалык деңгээлде белгиленүүдө. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мааракелик иш-чаралардын алкагында 26-октябрда КР баатыры, легендарлуу маданият министри Күлүйпа Кондучалованын жаркын элесине арналган XIV республикалык театр фестивалы башталат.
“26-октябрда башталган театр фестивалы 30-октябрда аяктап, 2-ноябрда салтанаттуу иш-чара менен жыйынтыкталмакчы. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кыргыз профессионал театрынын түптөлүшүнүн 100 жылдык мааракесин жогорку деңгээлде белгилөө максатында бир катар маданий иш-чараларды уюштурат”, — деди ал.
Фестивалга эксперттик комиссиянын тандоосунан өткөн Кыргызстандын 10 театры катышып, ар бири бирден спектакль тартуулайт. Сынактан тышкары, 29-октябрда Ч. Айтматов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук орус драма театрында Россиянын ГИТИС — Театралдык искусство институтунда билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин спектакли көрсөтүлөөрү маалымдалды.
Министрдин орун басары белгилегендей, фестивалдын негизги максаты — кыргыз театр искусствосунун түптөлүү тарыхын даңазалоо, Күлүйпа Кондучалованын жаркын элесин эскерүү, улуттук театр өнөрүн өнүктүрүү жана эл аралык деңгээлге чыгаруу, театрлар ортосунда тажрыйба алмашууну камсыз кылуу, ошондой эле чыгармачыл жамааттарга дем берүү.
Маалымдалгандай, мааракенин алкагында Бишкектеги сейил бактарда концерттик программалар менен коштолгон театралдык коюмдар уюштурулуп, кыргыз профессионал театрынын 100 жылдык тарыхы жана жетишкендиктери даңазаланат.
Мындан тышкары, куурчак театрлары мектепке чейинки жана жалпы орто билим берүү мекемелеринде балдар үчүн жомок-спектаклдерин тартуулашат. Актерлордун кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү максатында Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында белгилүү жана тажрыйбалуу режиссёрлордун катышуусунда мастер-класстар да өткөрүлөрү айтылды.
Белгилей кетсек, фестивалдын ачылыш аземи 26-октябрда саат 15:00дө, жабылыш аземи 30-октябрда саат 17:00дө Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт. Ал эми 2-ноябрь күнү кыргыз театрынын 100 жылдыгына арналган илимий конференция уюштурулуп, Турдакун Усубалиев атындагы аянтта мааракенин салтанаттуу аземи өтмөкчү.