Кыргыз мамлекеттик куурчак театрына жаңы жетекчи дайындалды

Загрузка... 09 Сентябрь 2025 15:40
546065365_1081893120769110_2361736420889211989_n.jpg
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 09.09.25. /Кабар/. Ставриди Руслан Болотович М.Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Ставриди Руслан 1963-жылы 8-декабрда Фрунзе шаарында жарык дүйнөгө келген. Орто мектепти аяктагандан кийин 1981–1982-жылдары Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын Театралдык студиясында билим алып, 1982-1984-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

Эмгек жолун 1984-жылы Фрунзе шаарындагы Республикалык куурчак театрында актёр болуп баштаган.

2009-2023-жылдары М.Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын 1-категориядагы техникалык тейлөөчү кызматкери.

2023-жылдан бери М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын директорунун орун басары кызматын ээлеген.