Кыргызстанда аялдардын орду өзгөчө белгиленген – Айнуру Алтыбаева

Коом Загрузка... 08 Март 2025 15:34
34840a41-7885-41c6-9ca7-9a519c382ac8.jpg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 08.03.25. /Кабар/. Кыргыз мамлекетинде, кыргыз коомчулугунда аялдардын орду, мыйзамдарыбызда аялдардын ролу өзгөчө белгиленген. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Республикалык аялдар кеңешинин төрайымы, коомдук ишмер Айнуру Алтыбаева билдирди.

Анын айтымында, чечим алып жаткан деңгээлде 10 пайыз аялдар болсо өлкөдөгү социалдык маселелер көтөрүлөт, 20 пайыз болсо ошол маселелер талкууланат, эгер 30 пайыз болсо чечимдер ишке ашат деген эл аралык изилдөөлөр бар.

“Кыргызстандын саясий системасында мамлекет тарабынан камсыздалган аялдардын орду бар. Баш мыйзамыбызда да Кыргызстанда аялдар менен эркектердин укуктары, мүмкүнчүлүктөрү бирдей деп көрсөтүлгөн. Аялдардын саясаттагы ордун белгиленген, чечим алып жаткан деңгээлде аялдардын болуусун шарттаган ченемдер, мыйзамдар жазылган. Алсак, тиешелүү мамлекеттик кызматтарда жана өкүлчүлүк функциясында 30 пайыздан кем эмес аялдар болуш керек деген ченемдер киргизилгени менен аткарылышында бир топ маселелер бар. Бирок, Борбордук шайлоо комиссиясында, Эсептөө палатасында, Жогорку соттун, Конституциялык соттун курамында түзүлүп жатканда 30 пайыздан кем эмес аялдар болуш керек деген ченем сөзсүз эске алынат. Өкүлчүлүк функциясын аткарган Жогорку Кеңеште, шаардык, айылдык кеңештерде да бул квота, ченемдер киргизилген бир топ мыйзамдарда каралган. Мамлекет тарабынан мыйзамдар кабыл алынгандыктан, ар бир чечим алынып жаткан деңгээлде аялдар бар.

Тилекке каршы Жогорку Кеңештин азыркы курамынын 30 пайызын аялдар түзбөйт. Белгилүү болгондой, ал эми талкуудагы шайлоо тууралуу мыйзам долбоорунда 30 округда 30 мандат аялдарга тиешелүү. Көп мандаттуу округдар түзүлгөндөн кийин ар бир округда 3 мандат каралса, ошонун бир мандаты сөзсүз түрдө аялдарга таандык болот. Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса кийинки Жогорку Кеңештин курамына 30 депутат айымдын келиши каралган. Бул жакшы көрүнүш, айылдык, шаардык кеңештердин же Жогорку Кеңештин депутаты болобу депутат айымдар сөзсүз социалдык багыттагы маселелерди көтөрүшөт. Ал эми социалдык багыттагы маселелер өлкөбүздө абдан маанилүү. Баш мыйзамыбыздын биринчи беренесинде да Кыргызстан социалдык багыттагы мамлекет деп декларация айтылат. Мажоритардык система аялдарга кичине кыйынчылык түзөт, бирок саны менен гана эмес, сапаты да мыкты, билимдүү айымдар өз мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, программаларды түзүү менен шайлоого катышышат деп ишенем. Учурдан пайдаланып, Кыргызстандагы бардык айымдарды 8-март майрамы менен куттуктайм”, - деди Айнуру Алтыбаева.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты саясатта жүргөн айымдарда иш менен үй-бүлөнү айкалыштырууда көп кыйынчылыктар болоорун өз сөзүндө белгиледи.

“Айымдарыбыз саясаттан тышкары үйдө мыкты эне, жубай, тайэне, чоң апа, ролун аткарышып, кадимки айымдардай эле үй тиричилиги менен алектенишет. Саясатта, ишкерликте же социалдык багытта эмгектенген айымдарыбызга биринчиден үй-бүлөсүндө жана коомдо чоң колдоо болушу керек”, - дейт ал.