"Кыргыз куршевель" ишканасы Билим берүү министрлиги менен биргеликте кадрларды даярдайт

Коом 762 06 Февраль 2025 10:00
476268965_1046470457526698_7170553687491163414_n.jpg
476093985_1046470390860038_2110452084036271992_n.jpg
475876535_1046470310860046_4285028729425046734_n.jpg
Алдыга
Артка
476268965_1046470457526698_7170553687491163414_n.jpg
476093985_1046470390860038_2110452084036271992_n.jpg
475876535_1046470310860046_4285028729425046734_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. "Кыргыз куршевель" мамлекеттик ишканасы Билим берүү министрлиги менен биргеликте кадрларды даярдайт.

Ведомстводон билдиришкендей, күн мурун президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасы менен Билим берүү жана илим министрлиги кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Белгиленгендей, бул меморандум тоо лыжа туризми үчүн кадрларды даярдоо, окутуу, квалификациясын жогорулатуу жана жергиликтүү адистерди “Үч чоку” тоо лыжа кластерине тартуу боюнча тараптардын макулдашууларын камтыйт.

Келишимдин алкагында тоо лыжа туризм чөйрөсүндөгү кесиптик компетенцияларды өнүктүрүү, курорттук инфраструктураны башкарууда эл аралык стандарттарды ишке киргизүү жана туристтик тармактын актуалдуу талаптарына шайкеш билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү каралган.

Ошондой эле экологиялык туруктуулук маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп, ESG стандарттарын жана эл аралык коопсуздук нормаларын, анын ичинде International Organization for Standardization (ISO) жана EN – European Standards талаптарын колдонуу каралган.

Белгилей кетсек, меморандум кесиптик кайра даярдоо курстарын уюштурууну, атайын билим берүү программаларын иштеп чыгууну камтыйт. Алар курортторду башкаруу, аркан жолдор инженериясы, спорттук менеджмент, таза суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарган багыттарды өзүнө камтыйт.