Быйыл өлкөдө ишке кирүүчү 128 ишкананын ичинде “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасына караштуу 5 көмүр казуу объектилери да бар. Ички жана тышкы инвесторлордун колдоосу менен кендер ишке кирсе, калкты сапаттуу жана арзан көмүр менен кеңири камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жалпы статистикада Кыргызстан боюнча 4,5 млн тоннага жакын көмүр өндүрүлөт. Анын ичинен 3 млн тоннадай көмүр ички рынокко керектелсе, 1,5 млн тоннага чейин Кытай, Өзбекстан өлкөлөрүнө экспорттолот. Аталган 5 көмүр кени толук ишке кирип, белгиленген көлөмдө көмүр өндүрө баштаса, ички керектөө толук жабылып, экспортту өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк жаралат. Жаңы кен казуу объекттеринин ишке кирүүсү, көмүр менен камсыздоо жана келечекте көмүрдү экспорттоо тууралуу Энергетика министрлигине караштуу “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Кайрат Маматов “Кабар” маалымат агенттигине маек берди.

- Быйыл “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын карамагында канча көмүр казуу объекттиси ишке кирет?
- Алгач белгилей кетсем, “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы 2024-жылды ийгиликтүү жыйынтыктап, 300 млн сомдон ашык киреше менен чыкты. Быйылкы жылга өлкө боюнча ишке берилүүчү жалпы объекттердин ичинен “Кыргыз көмүр” 5 объекттини ачканы турат. Алсак, Жалал-Абад облусунда “Тегене” (57 млн тонна) менен “Маркай” (8,2 млн тонна), Ош облусунда “Бешбурхан” (45,1 млн тонна) менен “Кожо-Келең” (55 миң тонна), ал эми Баткенде “Сүлүктү 11-талаа” (82,7 млн тонна) көмүр казуучу жайлары ишке берилет. Бул долбоорлорду тышкы жана ички инвесторлордун жардамы менен чогуу ишке ашырып жатабыз. Жылдын аягына чейин казуу жумуштары, техникалык долбоорлор бүтүп, ишке киргени турат.

- Бул объекттер ишке кирсе канча тонна көмүр өндүрүлүп, өлкөдөгү көмүр колдонуу жагдайына кандай таасир тийгизет?
- План боюнча мисалы, Баткен облусундагы “Сүлүктү 11-талаа” объектисинин аянты 862,1 гектар, ал эми кендин жалпы запасы 82,7 млн тоннаны түзөт. Пландалгандай, алгач 10-20 миң тоннадан баштап, кийинки жылдары акырындан өндүрүлгөн көмүрдүн көлөмү көбөйөт. Ар бир кендин ар бир жылга түзүлгөн ушундай пландары бар. Өзгөчө белгилей кетсем, калкыбызды сапаттуу, арзан көмүр менен камсыздоо бул ички артыкчылыктуу саясат. Себеби, бүгүнкү күндө спекуляция көп болуп жатат. “Кара-Кече” кени боюнча айтсак, түндүк аймакта социалдык топ базаларды ачып жатабыз. Быйыл Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда да атайын социалдык топ базалар ачылат. Элибизди сапаттуу, арзан көмүр менен камсыздоо башкы максат.

- Көмүр казуучу аталган 5 объектти курууга канча каражат жумшалууда?
- Жалпы 5 ишканага керектелүүчү инвестициялык каражаттын көлөмү 50 млн доллардан ашык болууда. “Сүлүктү 11-талаанын” 30-40 пайыз, “Тегене” объектисинде 30 пайыз техникалары келип калды. Ушул техникалык долбоорлор бүткөн соң, казуу жумуштарын баштайбыз.
- Объекттер толугу менен качан иштеп баштайт?
- Быйыл ачылуучу кен болсо эле быйыл көмүр казып баштайт деп түшүнүүгө болбойт. Алгач кыртыштарды ачуу, алдын-ала даярдоо жумуштары жүргүзүлөт. Биринчи техникалык долбоор бүткөн соң, кыртыш иштери бүткөрүлүп, андан кийин канча көлөмдө көмүр чыкса ошону казып алууга жылдын аягына чейин аракет кылабыз.

- Кыргызстандын бир жылдык көмүрдү ички керектөөсү канча тонна? Ал эми азыр өлкөдө канча көлөмдө көмүр өндүрүлүүдө?
- Статистика боюнча 2024-жылы жалпы калкыбызга, өндүрүш жана социалдык объекттерге, ЖЭБке 2 млн 800 миң тонна көмүр керек болгон. Анын ичинен Бишкек ЖЭБине 1 млн 200 миң тонна көмүр керектелет. Андан башка социалдык жана башка объекттер бар. Жалпы калкыбызга 1 млн же 1 млн 200 миң тонна көмүр керек. “Кара-Кече” кени жана башка кичи кендер менен бирге “Кыргыз көмүр” ишканасы 1 млн 600 миң тоннадан ашык көмүр казып алдык. Жалпы мамлекеттик геология кызматы тарабынан 30 жылдан бери 300дөн ашык компанияга лицензия берилген. Анын ичинен “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасында 20 лицензия бар. Бул салыштырмалуу 6 пайызды түзөт. Президентибиздин тапшырмасынын негизинде ички рынокту сапатуу көмүр менен камсыздоо максатында ири кендер акыркы 3 жылда ишке берилген.

- Учурда өлкөгө көмүр импорттолуп келүүдөбү?
- Бүгүнкү күндө Бишкек ЖЭБ 1 млн 200 миң тоннадан ашык көмүр пайдаланса, мурдагы жылдары 1 миллионго жакын тонна көмүр кошуна Казакстандан келчи. Азыр импортту алмаштыруу болуп, биздин ишканага карап келген “Ак-Улак” кени былтыртан тартып ЖЭБ менен чогуу Бишкек мэриясына берилген. Бүгүнкү күндө ал жерден “Кара-Кече” кенинен чыккан жалпы көмүр менен бирге 700-800 миң тонна өзүбүздүн көмүрдү пайдаланып жатабыз. Тыштан импорттолуп келген көмүрдү бардык каалоочулар сатып алса болот. Бирок, биз социалдык топ базаларды ачып, “Ак-Улак”, “Кара-Кече” жана башка кендерден казылып алынган көмүр менен элди камсыздап келебиз. Азыркы учурда түштүк аймактан көмүр экспортко да көп кетип жатат.

- Кыргызстандан канча көлөмдө, кайсы өлкөлөргө көмүр экспорттолууда?
- Жалпы статистикада Кыргызстан боюнча 4,5 миллионго жакын тонна көмүр өндүрүлөт. Ошонун ичинен 3 млн тоннадай көмүр ички рынокко керектелсе, 1,5 миллион тоннага чейин Кытай менен Өзбекстанга экспорттолот. Жакынкы күндөрдөн бери Тажикстан менен да көмүр экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Алдыда экспорттун көлөмүн өстүрүү багыттары каралууда. Учурда Энергетика министрлигинин демилгеси менен чет өлкөлөргө көмүрдү авто унаа менен ташууга чек коюлган. Мунун себеби, кыш-күз мезгилинде ички рынокто баалардын өсүп кетүүсүнүн алдын алуу болуп саналат. Анткени, биринчи ички рынокту камсыздап, андан кийин экспортко жиберүү каралган. Бирок, көмүрдү темир жол менен ташууга эч кандай чек коюлган эмес. Түштүк аймакта жайгашкан чоң кен казуучу компаниялар көмүрдү Өзбекстанга жана башка өлкөлөргө Кыргызстандын көмүрүн сатып жатышат. Мисалы, “Бел-Алма” кенинен өндүрүлгөн көмүр Өзбекстан аркылуу Европага чейин кетип жатат.